Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: РФ менен КРдин кайчылаш жылында 221 иш-чара өткөрүлөт

© Sputnik / Асель СыдыковаМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргызстан — Россия кайчылаш жылына байланыштуу бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын айтты.
Жаманкулов: РФ менен КРдин кайчылаш жылында 221 иш-чара өткөрүлөт

Кыргызстан — Россия эриш-аркак, канатташ жылынын алкагында өтүүчү иш-чаралардын 70-75 пайызы маданий-гуманитардык багытта болот. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 221 пункттан турган иш-чарага кол коюлганы жатат.

"Россияда Кыргызстандын жана Кыргызстанда Россиянын канатташ, эриш-аркак жылынын ачылышы февраль айынын этегинде болот. Андан кийин көптөгөн маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Алсак, театрларыбыз Россияга барып өз чыгармачылыгын тартууласа, алардын өнөр адамдары бизге келет. Музейлердин жакшы коллекцияларын Москва жана Россиянын башка шаарларына алып баралы деп турабыз. Санкт-Петербург, Москвада биздин сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Алардын сүрөтчүлөрү бизге келип Кыргызстанды өз чыгармаларында чагылдырышат. Ошондой эле режиссер, актерлордун ортосунда түрдүү мастер-класстар уюштурулат. Мунун баары ушул жылдын алкагында ишке ашат", — деди Жаманкулов.

Аткаминер кайчылаш жылдын ачылышы Москвада болсо, жабылуу аземи Бишкекте өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0