Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошева: Бишкекте кооптуулук жараткан 99 бак кыйылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева. Архив
Бишкек мэриясынын Жашыл чарба муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева мекеме шаарды жаз мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүп жатканын айтты.
Жолдошева: Бишкекте кооптуулук жараткан 99 бак кыйылды

Бишкекте 99 бактын кооптуулук жараткан абалда турганы аныкталып, түбүнөн кыйылды. Бул тууралуу Элнура Жолдошева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкана бак-дарактарды бутаганын калаа тургундары туура эмес түшүнгөн учурлар кездешет. 

"Учурда биздин мекеме бак-дарактарга санитардык дарылоо жүргүзүп, бутап жана кооптуулук  абалда тургандарын түп-тамырынан  бери кыркат. Бул иштерди аткарып жатканда тургундар "бак-дарактарды кыйып жатышат" деп туура эмес түшүнүп алышууда. Чындыгында андай эмес. Чоң дарактар көлөмүн көтөрө албай кулап калышы ыктымал. Андан тышкары бутактар жыш болгондо шактары куурай баштайт. Аларды тартылган электр зымдарына зыян келтирбеши үчүн кесебиз. Мындан тышкары тамырынан чирий баштаган бактарды кыйып жатабыз. Быйыл 99 бакты кыюуга туура келди. Бул иштер жасалбаса, жайында алар кулайт. Ошондуктан болушунча анын алдын алууга аракет кылуудабыз", — деди Жолдошева.

Ошондой эле ал бак-дарактарды бутоодо шаардагы автоунаалардын туура эмес жерде токтотулганы тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0