Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: өкүл ата болуп белекке китеп бердим

© Sputnik / Максат ЭлебесовЗаместитель министра культуры, информации и туризма Нуржигит Кадырбеков
Заместитель министра культуры, информации и туризма Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков той-салтанаттарда китеп белек кылуу маданиятын жапырт колго алуу керектигин айтты.
Кадырбеков: өкүл ата болуп белекке китеп бердим

Тойлордо "Манасты", Чыңгыз Айтматовдун томдуктарын белек кылсак болот. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Кыргызстан КМШда китеп окуу боюнча биринчи орунда болууну максаттап жатат.

"Грузияда кыздарын турмушка узатып жатканда Шота Руставелинин китептерин белекке берет. Биз деле "Манасты", Чыңгыз Айтматовдун китептерин берсек болот. Өлкөдө таланттуу, күчтүү жазуучуларыбыз бар. Аты чыкпаганы менен окуй келсең жан дүйнөсү бай, кенч, казына сыяктуулар абдан көп. Өткөндө бир тойдо өкүл ата болуп, өзүмдүн автордук китептеримди ала баргам. Ошол эң баалуу, кызыктуу белек болду. Колдонулбай кийинки тойго чейин сандыкта жата турган жалтырак кездеме, кийилбеген кийиттерге караганда тарыхыбыз, маданиятыбыз, жаратылышыбыз тууралуу кызыктуу китептерди белек кылсак эмнеге болбосун?" — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал социалдык тармактарда китеп окуу боюнча акцияларды уюштуруу жакшы натыйжа берип жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0