Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаева: Жеңиштин 75 жылдыгына арналган коллекциялык монета чыгарылат

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева. Архив
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева аталган банк тарабынан нумизматикалык монеталар 1995-жылдан бери чыгарыла баштаганын айтты.
Карабаева: Жеңиштин 75 жылдыгына арналган коллекциялык монета чыгарылат

2020-2023-жылдар аралыгында 14 коллекциялык монета чыгарылат. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Манастын" миң жылдыгына арналып чыгарылган алгачкы нумизматикалык монеталар учурда сатыкта жок.

"Улуттук банк тарабынан чыгарылып жаткан коллекциялык монеталар кыргыз маданиятын, табиятты чагылдырып турат. Бүгүнкү күнгө чейин 77 нумизматикалык тыйын чыгарылган. Алардын ичинен төрт алтын монета "Манастын" 1000 жылдыгына, Курманжан датканын 200 жылдыгына, Оштун 3000 жылдыгына жана башкаларга арналды. Учурда сатыкта Курманжан даткага жана Ак илбирске арналган тыйын бар. Мындан тышкары, 54 күмүш монета чыгарылган. Алардын эң популярдуусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган монеталардын сериясы. Буга кошумча, 19 жез-никель монета чыгарылган. Ошондой эле 2020-2023-жылдар аралыгында 14 монета чыгаруу пландалууда. Алардын ичинде Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата күмүш тыйындар чыгарылат", — деди Карабаева.

Ошондой эле коллекциялык монеталардын төрт түрү быйыл сатыкка коюларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0