Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Курманбеков: былтыр аймактардан документи жок 764 бала аныкталды

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Нурсултан Курманбеков
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Нурсултан Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Нурсултан Курманбеков ата-энелерди балдарга документ алууда жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.
Курманбеков: былтыр аймактардан документи жок 764 бала аныкталды

Былтыр республика боюнча документи жок балдарды аныктоо үчүн улуттук кампания өткөрдүк. Анын жыйынтыгында таптакыр документи жок 764 бала каттоого алынды. Бул тууралуу Нурсултан Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара аталган министрликтин демилгеси менен аймактык кызматкерлер тарабынан 2019-жылдын августунан декабрь айына чейинки аралыкта өткөрүлгөн.

"2019-жылдын 31-августунан 31-декабрына чейин жүргүзүлгөн атайын улуттук компаниянын алкагында өлкө боюнча 764 документи жок бала катталды. Алардын көбү үйлөнгөндө никесин каттатпай, бала төрөлгөндө нике күбөлүксүз балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк бербейт деп жаңылыш ойлонуп жүргөн үй-бүлөлөрдөн болуп чыкты. Ошондой эле мындай ата-энелер ички, тышкы миграцияда болушу да абалды катаалдатууда. Мындан сырткары, ар кандай кырсыкка учурап, жубайлардын экөө тең же бирөөсү каза болуп калган, ажырашып кетип балдардын атасы же энеси башка өлкөнүн жарандыгын алып алган, же экинчи никеге туруп, ал жактын жарандыгын алып кеткен учурлар бар. Мындай балдардын туулгандыгы тууралуу төрөт үйүнөн берилген справканын негизинде биздин кызматкерлер Мамлекеттик каттоо кызматына өтүнүч кат жазып, балдарга документ жасалат. Бирок ата-энесинин экөө тең каза болуп, ал эми баланы багып жаткан туугандары ымыркай качан, кайсы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келгенин так билбеген учурлар да кездешүүдө. Ошондой эле бала башка мамлекетте төрөлүп, учурда документи жок жүрсө, тиешелүү мамлекеттик органдар ошол өлкөгө кат жазып, анын жообу келгенче бир топ убакыт өтүп кетип жатат. Айтор, бул көйгөйдүн жаралуусуна алгач эле ата-энелердин кайдыгерлиги себеп", — деди Курманбеков.

Адис, мындан сырткары, Бишкектин айланасындагы 50гө чукул жаңы конуштун сегизин иликтегенде эч кандай документи жок 16 жашка чейинки 414 бала жашап жаткандыгы аныкталгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0