Орто мектепте билим алууну 9-класстан кийин баланын өз эркине коюу ката болгон. Мындай кадам ошол кездеги өспүрүмдөрдүн ар кандай туура эмес кадамдарга баруусуна салым кошту. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланын дүйнө таанымы 15-16-17 жашында калыптанат. Андыктан бул убакытта ата-энеден алыстабай, педагогдордун көзөмөлүндө болуп 10-11-класста билим алуусу керек. Мындай тажрыйбаны көп өлкө колдонот.
"Толук атеисттик мамлекеттен дароо светтик түзүмгө өттүк. Эгемендүүлүк алгандан кийин жергебизге ар кандай диний агымдар кире баштады. Алардын ичинде деструктивдүү агымдар дагы жок эмес. Мектепте билим алууну 9-класстан кийин милдеттүү эмес кылып коюу менен мына ошолорго даяр кадрларды берип койдук. Натыйжада балдардын башынан эмнелер гана өтпөдү. Базарда араба түртүп жүргөндөрү болду. Ар кандай диний уюмдарга азгырылып, алды Бангладештен тарта бүт ислам, ал тургай христиан өлкөлөрдөн билим алышты. Алардын көпчүлүгү туура эмес көз карашта кайтып келишти. Мына ушунун азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келе жатабыз. Ошондуктан милдеттүү түрдө 11 жылдык билим алууну катуу талап менен киргизишибиз керек", — деди Осмоналиев.
Профессор, кабыл алынган мыйзамга ылайык, 9-классты бүткөн окуучунун андан ары билим алуусун мектептен, кесиптик лицейден же колледжден улантуу менен аттестат алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында окуучуларды жалпы билим алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 9-класстан кийин окуудан баш тартууга тыюу салынып, 11 жылдык билим берүү милдеттүү түрдө киргизилген. Аталган мыйзам 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.
Советтер Союзу учурунда Ленинград шаары Кыргыз ССРинин шефтигинде болгон. Башкача айтканда, айыл чарба продукциялары, азык-түлүк менен аталган калааны азыркы Кыргызстан камсыздап турган. Бул боюнча Турат Сырдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргыз ССРинин экономикасы абдан өскөн. Завод, фабрикалар курулган.
"Ленинград шаары үч жылдай курчоодо калып, тарыхта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты өткөргөн баатыр калаа. Ага бүткүл Советтер Союзу жардамын аяган эмес. Бул жерде азыркы Кыргызстандын да эмгеги чоң. Анткени шефтикке алып, азык-түлүк менен камсыздап турган эле. Курчоодо калган шаардыктарды чыгарып кетүү жумуштары колго алынганда болжолдуу эсеп менен 500 000дей адам чыгып кеткен. Алар жаш балдар, аялдар жана окумуштуу, илимпоздор эле. Мына ушулардын көпчүлүгү Кыргыз ССРине келип отурукташып калышкан. Анын үзүрү менен илим-билим жогорулап, завод, фабрикалар курулуп, экономика өскөн. Ошол кездеги Фрунзе шаарындагы көптөгөн ишканалар согуш жылдары курулган. Керектүү тетиктер темир жолу аркылуу алып келинип, жерге түшүрүүлөрү менен адистер ошол жерден ишин башташкан. Заводдордун имараттары иштеп жаткан станокторду курчап кийин курулган. Анткени советтик калктын завод, фабрикалардын курулушун күтүп отура турган убактысы жок эле. Согуш талаасында атылган ар бир алтынчы ок "Фрунзе" заводунан чыккан деген сөз жөн жерден айтылып калган эмес", — деди Сырдыбаев.
Тарыхчы Фрунзе-Балыкчы темир жолу сыяктуу маанилүү объектилер жергиликтүү калктын күжүрмөн эмгеги менен курулуп, 12-13 жаштагы балдар кадыресе кара жумушка тартылганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 1944-жылы 27-январда Ленинград шаары фашисттердин курчоосунан толугу менен бошотулган.
Талас облусунда ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт экспорттогон комбинат курулат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган эт комбинатын куруу иштерин "Жер-Үй" алтын комбинаты каржылайт.
"Инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда диалог түзүлүп, эки тарапка тең пайдалуу боло турган шарттарда иштөөгө үйрөнүшүбүз керек. Азыр кыргызстандыктар деле түшүнүп калды. Мисалы, Таластагы "Жер-Үй" компаниясын ала турган болсок, анын ишмердүүлүгүнө кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар мага бат-баттан келип турушат. Мен аларга инвесторлор алтын чыкканга чейин төлөгөн салыгы продукция өндүрүлө баштаган соң таптакыр башка суммага өзгөрөрүн түшүндүрүп келем. Жакында Талас облусуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына эт экспорттогон комбинат курулат. Муну менен жумуш орундары түзүлүп, ошол аймактын экономикасы көтөрүлөт", — деди Сагынбаев.
Аткаминер инвестор тартууда жергиликтүү калк менен туура сүйлөшүү жүргүзүү боюнча айыл өкмөт, аким жана башка тиешелүү жетекчилер атайын окутуулардан өтүп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1…+4, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад аймактарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.