Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов

Исраилов: Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса электр энергиясына муктаждык жоюлат

739
(жаңыланган 11:27 21.02.2020)
Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 10 пайызы гана колдонулуп жатканын айтты.
Исраилов: "Камбар-Ата 1" ГЭСи курулса электр энергиясына муктаждык жоюлат

Өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп жатат. Ошондуктан бул тармакка инвестиция тартуу зарыл. Бул тууралуу Абдылда Исраилов "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгрессинде Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өтүп жаткан конгресс инвестиция тартууга негизги аянтча боло алат.

"Электр энергиясына муктаждыктын өсүүсүнө бир нече себеп бар. Биз жергебиздин гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору экенин айтып келебиз. Ошондуктан инвестиция тартуу үчүн ушундай аянтчаларды колдонушубуз зарыл. Мисалы, бизде Нарын дарыясында Камбар-Ата-1 ГЭСин курса болот. Ал долбоордун кубаттуулугу 2 миң мегаваттка жетет. Ага инвестор табылып курулуп калса, өлкөдөгү суу жана электр энергиясына болгон муктаждык маселеси чечилип калат. Мындан тышкары, майда сууларга бай өлкөбүз. Демек чакан жана орто ГЭСтерди курушубуз керек. Ошондой эле убагында тургузулган Киров, Папан суу сактагычтарынан электр энергиясын алып, колдонуу мүмкүнчүлүгү бар", — деди Исраилов.

Энергетик чакан ГЭСтер экологияга таасирин тийгизбей турганын белгилеп, бул багыт ички инвесторлордун дагы кызыгуусун жаратып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкекте 19-февралда "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгресси өз ишин баштаган. Анда гидроэнергетика тармагындагы ири компаниялар өз продукцияларын көрсөтүүдө. Аталган иш-чара эки күнгө уланып, ушуну менен төртүнчү ирет өтүп жатат.

739
Белгилер:
Кыргызстан, муктаждар, инвестициялар, электр энергиясы
Тема боюнча
Эксперт Нарын дарыясына канча ГЭС курууга боло турганын айтты
"Камбар-Ата ГЭС-1" өзүн-өзү 12 жылда акташы мүмкүн
Өлкөдөгү өзүн-өзү актай турган ГЭСтер кайсылар экени маалым болду
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова

Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

292
(жаңыланган 14:54 04.12.2020)
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова кыз-келиндер жумуш ордунда укугу тебеленген учурда тиешелүү органдарга көп кайрылбай келерин айтты
Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

Кыргызстанда адам укугу бузулган учурда 115, 111 же 102 телефондоруна чалса болот. Бул тууралуу Гүлзина Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жарандык жоопкерчилик төмөн болууда.

"Бизде балдардын же аялдардын укугу бузулган учурлар көп. Анткени бул маселелер боюнча коомчулук тартынбай кайрылганга үйрөнүп калды. Бирок ошол эле учурда кыз-келиндердин кызмат ордунда укугу бузулса, ачык айткандан уялышат. Буга биздин менталитет бир жагынан жол бербесе, экинчиден, кайрылган күндө да тергөөчүлөр ишти дыкат карабай коюп жатышат. Андыктан биз коомчулукту бул маселеде ачык болууга үйрөтүшүбүз керек. Эгер жумуш ордунда аялга карата орой мамиле, ыксыз тийишүүлөр болсо, тартынбай 115 номерине чалыңыздар", — деди Бообекова.

Ал жарандар кошунанын үйүндө же көчөдө болуп жаткан ызы-чууга кайдыгер карабай тиешелүү органдарга кайрылуусу зарыл экендигин кошумчалады.

292
Белгилер:
мамиле, кызмат, укук
Тема боюнча
Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

70
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

70
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Нарын облусу. Архивдик сүрөт

Өкмөт Нарынга 300 үй-бүлө үчүн эксперименталдык айыл курууга белсенүүдө

0
(жаңыланган 11:13 05.12.2020)
Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусуна "Ак-Тилек" деп аталган эксперименталдык конуш курууга белсенип жатат. Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болору айтылган. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда. 1990-жылдын аягынан 2010-жылга чейин бул аймактарда бир нече жолу жер силкинип, сел түшүп кыйроолорго алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жердин тургундарын көчүрүү зарыл деген корутунду чыгарган.

Ак-Тилек конушу 300 турак жайга (1500 адам) ылайыкташкан. Курулуш агенттиги жерлер 2019-жылдын ноябрында эле өкмөттүн токтому менен трансформация болгонун билдирди.

Конушту куруу жана пландаштыруу боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу (конструкция, курулуш материалдары, инженердик камсыздоо системасы) чечими кабыл алынгандыктан эксперименталдуу калктуу конуш деген макам берилет.

Ошондой эле планын иштеп чыгууда шаар куруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана экологияга аяр мамиле жасоо принциби колдонулганы белгиленет. Үйлөрдүн ичи жылуу жана жер титирөөгө туруштук берүү деңгээли жогору болоруна ишендирет.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.

0
Белгилер:
айыл, тургун, курулуш, Нарын, жаңы конуштар
Тема боюнча
Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп
Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди