Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошева: Бишкекте гүлдөр азайтылып, көк майсандын аянты кеңеет

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек мэриясынын "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева
Бишкек мэриясынын Жашыл чарба муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева шаарга отургузула турган гүлдөр апрель айында даяр болуп каларын айтты.
Жолдошева: Бишкекте гүлдөр азайтылып, көк майсандын аянты кеңеет

Бишкекте абанын булганышына байланыштуу гүлдөрдүн саны азайтылып, көк майсандын аянты 50 гектарга чейин жеткирилет. Бул тууралуу Элнура Жолдошева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери урукту алгач эркек кишиге септирип, ырымын жасашат.

"Борбор калаада апрель айынан тарта гүлдөр отургузула баштайт. Ошондуктан даярдык иштери ноябрда эле башталат. Декабрда топурак алынып, январда күнөскана жылытылып, февралда урук себилет. Өнүп чыккан гүлдөр апрелдин ортолорунда эгүүгө даяр болуп калат. Быйыл шаардын абасынын кирдешинен улам гүлдөрдүн саны 1 миллион 800 миңге чейин кыскартылып, көк майсанга көбүрөөк жер бөлүнөт. Жашыл чөптүн аянты көчөлөрдө 27,7 гектарга жетсе, сейил бактарда 23 гектарга чукул болот. Ошондо жалпы 50 гектарга чейин жеткиребиз деп пландап жатабыз", — деди Жолдошева.

Ал ошондой эле гүлдөрдү оймо-чийме түрүндө отургузуу үчүн атайын эскиздер даярдалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0