Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Якубов: денедеги калдан залалдуу шишик өсүп чыгышы ыктымал

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук онкология жана дерматология борборунун онко-дерматологу Алмаз Якубов
Улуттук онкология жана дерматология борборунун онко-дерматологу Алмаз Якубов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология жана дерматология борборунун онко-дерматологу Алмаз Якубов кишидеги кал оорутуп, кычыштырып, жайылып же өңү өзгөрө баштаса дарыгерге кайрылуусу керектигин айтты.
Якубов: денедеги калдан залалдуу шишик өсүп чыгышы ыктымал

Адамдын денесиндеги кал тытылып, сыйрылып кеткен учурда залалдуу шишик өсүп чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Алмаз Якубов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кал адамдын денесинде жаш өткөн сайын пайда болуп, көбөйө берет.

"Кал күнгө күйгөндө же химиялык заттар менен иштесе пайда болушу мүмкүн. Мындан тышкары, анын көп болушу генетикага байланыштуу, ал тукум кууйт. Наристедеги кал баланын өсүшү менен кошо чоңоёт. Ал эми чоңдордо жаңылары пайда болуп турат. Анын адамдын организмине зыяны жок, бирок өйкөп, кычышып, туура эмес өсүп баштаса андан залалдуу шишик пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда денедеги кал бар жерден жаракат алганда да абайлаш керек. Кечиктирбей дарыгерге кайрылып, зарылчылык келип чыкса, алдырып салуусу зарыл", — деди Якубов.

Дарыгер кал көбүнчө европеоиддерде кездеше турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0