Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: бир жылда 70-80 китеп окуган өспүрүмдөр бар экен

© Sputnik / Асель СыдыковаМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жаштар китепти көп окуй  баштаганын айтты.
Кадырбеков: бир жылда 70-80 китеп окуган өспүрүмдөр бар экен

Өткөн жылы Ак-Талаада мектеп окуучусу бир жылда 70, Баткенде дагы бир өспүрүм 80 китеп окуган. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу үчүн көп китеп окуган башка балдарды үлгү катары көрсөтүп туруу керек.

"Жакшылыкта жарыш деген жөнөкөй сөз эмес. Учурда биз байлык, бийлик менен жарышуудабыз. Бирөө эки кабат үй салса, башкасы үч кабат салууга далалат жасап, айтор, материалдык балуулуктарды алдыга коюп жатабыз. Чынында билим, ыйман, адеп сыяктуу сапаттарыбызды арттырууда жарышсак жакшы болот. Мисалы, өткөн жылы Нарында жылына 60,  ал эми Ак-Талаа районунда жыл ичинде 70 китеп окуган балдар-кыздар болду. Аны рекорд койду деп жүрсөк, Баткенде дагы бир өспүрүм 80 китеп окуганга жетишиптир. Аптасына бирден китеп окуган адам жыл бою 52 китеп окуп чыгат. Ошондо бул балдар жумасына 2-3 китеп окуп жатат. Бул биз билгендери эле. Мындай китеп сүйүүчүлөрдүн өлкөдө көбөйүп жаткандыгы кубандырат", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал китеп окуу боюнча долбоор, сынактар китепке кызыккан чөйрөнү калыптандырууга жакшы өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0