Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кабылбеков: мөңгүлөрдү сактабасак Борбор Азия чөлгө айланышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековМерцбахер атындагы экологиялык-коомдук мөңгү фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбеков
Мерцбахер атындагы экологиялык-коомдук мөңгү фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мерцбахер атындагы экологиялык-коомдук мөңгү фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбеков мөңгүлөрдү сактоого салкын мамиле жасалбашы керектигин айтты.
Кабылбеков: мөңгүлөрдү сактабасак Борбор Азия чөлгө айланышы мүмкүн

Мөңгүлөрдү сактап калбасак, Борбор Азия чөлгө айланып кетиши ыктымал. Бул тууралуу Үрүстөм Кабылбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам дүйнөдө уюлдук мөңгүлөр эрип, деңиз деңгээли көтөрүлүүдө.

"Кыргызстан Борбор Азиянын ичинде эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мөңгүлөргө бай өлкө. Бирок, тилекке каршы, учурда аларды коргоо, сактоо иштерине жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат. Климаттын ысышы менен мөңгүлөр демейдегиден бат эрип жатат. Бул өз кезегинде суу тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Азыртадан сактоо аракеттерин жасабасак, Борбор Азия чөлгө айланып кетиши ыктымал. Буга чейин "күн ысыса эрийт, биз эмне кыла алабыз" деп бул техникалык маселе катары каралып, маани берилбей келген. Жок, андай эмес. Мөңгүнү сактап, коргой турган жолдору бар. Ага дүйнө элинин көңүлүн бурушубуз зарыл", — деди Кабылбеков.

Эксперт ошондой эле 26-февралда мөңгүлөрдү сактоо зарылдыгын коомчулукка жеткирүүнү максат кылган иш-чара өтө турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0