Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тарыхчы: медициналык туризм Улуу Жибек Жолу менен бирге пайда болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист, публицист, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин
Журналист, публицист, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист, публицист, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин учурда кеңири жайылган медициналык туризм түшүнүгүнүн тарыхы өтө терең экенин айтты.
Тарыхчы: медициналык туризм Улуу Жибек Жолу менен бирге пайда болгон

Медициналык туризм Улуу Жибек Жолу менен бирге пайда болгон. Аталган жолдо жүргөн кербендер бир гана соода-сатык алакаларын түзбөстөн дары-дармек да ташып, дүйнөлүк медицинанын өнүгүүсүнө зор салым кошушкан. Бул тууралуу Тынчтыкбек Чоротегин Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ибн Сина, Махмуд Кашгари өңдүү окумуштуулар алыскы өлкөлөрдөн келген дары чөптөр жана дарылоо ыкмалары тууралуу өз эмгектеринде жазышкан.

"Бүгүнкү күндөгү медициналык туризм түшүнүгү илгери эле бар болгон. Бирок ага так аныктама берилген эмес. Мисалы, мындан 10 кылым мурун Ибн Сина дарылар тууралуу китебин жазып жатып алыскы кыргыз жергесинен келген "миск" деп биз билген кадимки мускусту атаган. Илгери аны кыргыздар "жыпар зат" деп айтып келишкен. Бул боюнча Ибн Синанын эмгегинде далилдер бар. Ошондой эле XI кылымда Махмуд Кашгари-Барскани бабабыз Индиядан, Кытайдан, Тибеттен келген дары-дармектер деп жазган. Бул дагы медициналык туризмдин илгери эле пайда болуп, Улуу Жибек Жолу менен бирге өнүккөнүнөн кабар берет", — деди Чоротегин.

Тарыхчы өлкөдөгү медицинага тийиштүү айрым мыйзам ченемдери тоскоолдук жаратканынан улам медициналык туризмге өзү да туш болуп, жубайын дарылатуу үчүн чет өлкөгө барганын айтып берди. Мындан улам жергиликтүү медицина жаатын тескеген жоболорго өзгөртүү киргизүү керек деген оюн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0