Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов

Темиркулов: партиялар каражат жоктугунан олигархтарды катарына кошууда

52
Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов партиялык системаны өнүктүрүү максатында саясий партияларды мамлекеттик колдоого алуу туура сунуш экенин айтты.
Темиркулов: партиялар каражат жоктугунан олигархтарды катарына кошууда

Парламентке олигархтардын келип албашы үчүн саясий партиялар мамлекеттик колдоого алынышы зарыл. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, партияларды мамлекеттик колдоого алуу тажрыйбасы Россия, Франция сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келүүдө.

"Партиялардын каражаты жетишсиз болуп, ар кандай олигархтарды катарына кошуп жатат. Ал эми алар короткон акчасын кайтарууга аракет кылышууда. Бул жагдай коомчулук тарабынан дагы сынга алынып келет. Мындай көрүнүштү жоюу үчүн "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, партияларды өнүктүрүү максатында аларды өлкө казынасынан каржылоо керек. Бул туура сунуш, болгону айрым жагдайларды дыкат аныктап алуу зарыл. Мисалы, бөлүнгөн каражатты партиялар кандай колдонот, канча бөлүнөт, ал каражатты кайда коротот деген сыяктуу маселелерди так аныктоо шарт. Эгерде партиялар өнүгүүгө кадам таштабай турган болсо, бул практиканы токтотуу зарыл", — деди Темиркулов.

Эксперт партияларды көзөмөлдөө үчүн атайын орган түзүүнүн зарылдыгы жок экенин белгилеп, бул багытта ачык-айкындуулук гана натыйжа бере турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров, Нурбек Алимбеков "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштап, ага ылайык, шайлоодо эки пайыздан көп добуш алган партиялар мамлекет тарабынан колдоого алынышы керектигин айтышкан. Кийинчерээк Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфирине келип, өзүнүн жеке пикиринде эки пайызды беш пайызга чейин көтөрүүнү жана бюджеттен эмес, шайлоого катышып жаткан партиялардын күрөө катары койгон акчасын ошол беш пайыздан көп добуш алган партиялар ортосунда бөлүштүрүп берүүнү мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда сунуштай тургандыгын белгилеген.

52
Белгилер:
каржылык, мыйзам, саясый партия, Азамат Темиркулов
Тема боюнча
Чүйдө ээсине айтпай үйүнө адамдарды каттай бергендерге кылмыш иши козголду
Ар бир саясатчы өзүн лидер ойлойт. Жээнбеков 9 пайыздык босого тууралуу айтты