Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдырова: аллергия чыныгы жана жалган болуп экиге бөлүнөт

Жазылуу
Аллерголог Жыпара Кыдырова аллергия оорусу көбүнчө жаштарда кездешерин жана ал чыныгы жана калп болуп бөлүнөрүн айтып берди.
Кыдырова: аллергия чыныгы жана жалган болуп экиге бөлүнөт

Аллергиктердин кичинекей кезинен баштап эле бир нерсеге аллергиясы бар болот. Эгер эч качан оорубай туруп, кийин 70 жашка чыкканда аллергия болуп калган болсо, анда ал жалган аллергия болуп саналат. Бул тууралуу Жыпара Кыдырова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аллергия — бул иммундук системанын агрессивдүү коргонуусу, организмдин гиперсезимталдуулугу. 

"Адамдардын көбү иммунитет түшүп кеткенден аллергия болуп ооруп калдым деп ойлошот. Чыныгы аллергия иммундук системанын өтө сезимталдуу болушу. Ал эми жалган аллергия дагы бар. Бул организмдин бир нерсеге туура эмес реакциясы. Мында адам гүлдүн чаңына, жаныбарлардын жүнүнө, азык-түлүк, дары-дармек, тиричилик каражаттары жана башка заттарга аллергия болушу мүмкүн. Ал организми терс реакция кылган нерседен алыс болсо эле эч кандай коркунуч жаратпайт. Демек контакт жок болсо илдет да кездешпейт. Аллергиянын эң көп түрү организмдин чаңга карата реакциясына байланышкан поллиноз оорусу. Бул нерседен адам кача албайт. Себеби үйдөн чыкпай отурса дагы сырттан келген адамдар аркылуу же бөлмөнүн терезе, эшиги ачылса эле чаңчалар кирип, анын аллергиясы кармайт. Алгач мурундан башталат. Мурду бүтүп, көзүнөн жаш агып, адаттагыдан көп чүчкүрө баштайт. Эгер бул нерсени учурунда дарылабаса, күчөп кетет. Алсак, май айларында эле аллергия болгон адам жыл бою илдет менен жабыркашы мүмкүн. Мурда мурдунан башталган аллергия өпкөсүнө өтөт. Бул учурда дем алуусу оорлоп, ден соолугуна кооптуу абал жаралат. Андан тышкары, жөн эле мурду бүтүп, чүчкүрүп ооруган адам дарыланбагандыктан кийин денесине бөрү жатыш сымал бүдүрлөр чыгып ооруп баштайт", — деди Кыдырова.

Дарыгер аллергия оорусун убагында дарылап, толугу менен айыктырып алса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0