Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайыпов: балдар үйүн бүтүргөндөр үчүн төрт долбоор иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов ата-энеси жок жатак-интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын айтты.
Кайыпов: балдар үйүн бүтүргөндөр үчүн төрт долбоор иштейт

Жыл сайын орточо эсеп менен интернат тибиндеги мекемелерди 200-250 бала бүтүрөт. Бул тууралуу Шабдан Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик социалдык тапшырык менен балдар үйүн бүтүргөндөр үчүн төрт долбоор иш алып барып жатат.

"Мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында бейөкмөт уюмдар менен иштешүүдөбүз. Алар долбоор түзүп, атайын комиссия тарабынан тандалып алынат. Жактырылган долбоорлор боюнча уюм менен министрликтин ортосунда келишим түзүлөт. Анын негизинде акча каражаты бөлүнөт. 2019-жылы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн социалдык коштоо багытында төрт облуста долбоор иш алып барды. Мунун алкагында 100 балага колдоо көрсөтүлдү. Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 50 пайызга чукулун түзөт. Анткени жылына жатак-интернаттарын томолой же жарым жетим калган 250гө жакын бала аяктайт. Келечекте мындай бардык бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик камсыздоого алуу керек", — деди Кайыпов.

Адис 2018-жылы дагы бул багытта 100 бала жардам алганын, ал үчүн 3 долбоор иш алып барганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0