Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алиева: балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдогон атайын долбоор иштеп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жаштар үйү" долбоорунун социалдык кызматкери Бейбитгүл Алиева
Жаштар үйү долбоорунун социалдык кызматкери Бейбитгүл Алиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жаштар үйү" долбоорунун социалдык кызматкери Бейбитгүл Алиева аталган долбоор балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдоо максатында иштелип чыкканын билдирди.
Алиева: балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдогон атайын долбоор иштеп жатат

Балдар үйүн бүтүргөндөрдү коомго адаптациялоо, аларга колдоо көрсөтүү максатында "Жаштар үйү" долбоору ишке кирген. Анын алкагында шаардын четинде жайгашкан үйдө сегиз кыз жашайт. Былтыр белгисиз адамдар казаныбызды уурдап кетишкен. Ошондон бери кыздардын коопсуздугунан чочулап келебиз. Бул тууралуу Бейбитгүл Алиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаш балдар үчүн дагы ушундай эле долбоор өз ишин баштады.

"Игорь Беляев "Жаштар үйү" долбоорун түзүп, 1,5 жылдан бери сынамык иретинде иш алып барууда. Ал өзү да балдар үйүнөн чыккан коомдук активист. Долбоордун алкагында балдар үйүн бүтүргөндөргө окууга өтүүгө, жашоого адаптация болууга көмөк көрсөтүлөт. Демөөрчүлөр ар кандай тренинг, окутуу, семинарларды уюштуруп, материалдык жардам көрсөтүшөт. Бир жолу демөөрчүбүз белек кылган казаныбызды уурдап кетишкен. Ошондон бери кыздардын коопсуздугуна тынчсызданып келебиз. Бирок үйгө камералар коюлган, жакшы кошуналарыбыз бар", — деди Алиева.

Ал ошондой эле долбоордун алкагында тигүүчү цех иштеп, анда балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү эмгектенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0