Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ардагер: сатылган китептеримдин акчасын кайрымдуулукка жумшайм

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жазуучу жана коомдук ишмер Асек Урманбетов
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жазуучу жана коомдук ишмер Асек Урманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жазуучу жана коомдук ишмер Асек Урманбетов биринчи китебин 75 жашында жазганын айтты.
Ардагер: сатылган китептеримдин акчасын кайрымдуулукка жумшайм

Кесибим бухгалтер, чыгарма жазууга алгач ирет 75 жашымда кириштим. Учурда жети китептин авторумун. Бул тууралуу Асек Урманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда ардагер "Кылымда көргөнүм" деген чыгармасын жазууда.

"Билимим жети эле класс болуп, кесибим эсепчи. Жаш кезимде адабиятка анчейин деле кызыкпаптырмын, керек болсо Алыкулдун акын экенин билген эмесмин. Кийин анын "Көл толкуну" деген китеби колума тийип, өтө таасирлендим. Мен дагы баскан өмүр жолумду кагазга түшүрүп, китеп жазгым келди. "Аракетке – берекет" деген туура сөз экен. Анткени 75 жашымда китеп жазып баштадым. Ал убакыттан бери жалпысынан жети китеп жазылып, андан түшкөн каражатты муктаждарга жардам берүүгө жумшадым. Учурда жасалган кайрымдуулук иштердин жалпы суммасы эки миллионго жетти. Алгач китептерим өтпөй бир аз оорчулуктар жаралды. Анда Ысык-Көлдө турчумун. Буйрук экен, кемпирим көз жумгандан кийин, 85 жашка келгенимде өзүм сыяктуу согушка барып келген байбичеге баш коштум. Ошентип Бишкекте жашап калдым. Анын көмөгү менен китептерим басылып чыгып, сатыла баштады. Ошентип 15 жылдан бери кайрымдуулук иштерди жасап келебиз. Максатым жаштар менен көп-көп жолугуп, акыл-насаатымды айтсам, аларды эмгекке, мекенди сүйүүгө тарбиялоого түрткү болсом", — деди Урманбетов.

Ардагер ошондой эле талыкпаган эмгек менен гана ийгиликке жетүү мүмкүн экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0