Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшөнбек уулу: комуз менен балалайканы айкалыштыруу режиcсердун идеясы

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу. Архив
Белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылынын ачылыш аземинде комуз менен балалайка дуэтине төрт саат гана даярданышканын айтты.
Дүйшөнбек уулу: комуз менен балалайканы айкалыштыруу режиcсердун идеясы

Комуз менен балалайканы айкалыштыруу режисcерлордун идеясы. Ал эми аткарылган чыгармаларды балалайкачы Александр Николайчук экөөбүз чогуу тандадык. Бул тууралуу Закирбек Дүйшөнбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, идеянын максаты Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылы деп белгиленген тарыхый окуяны музыканын тилинде чагылдыруу болгон.

"Кремлде дуэт менен комуз чертүү бир канча чоң салтанаттарга катышып жүргөнүмө карабай мага чоң жоопкерчилик артты. Эки элдин достук мамилесин музыканын тили менен көрсөтүү үчүн ачылыш аземинин башкы режиссеру Алтынбек Максутов ушундай идеяны сунуштады. Мен дароо макул болуп, Александр экөөбүз интернет аркылуу сүйлөштүк. Иш-чарага даярдануу үчүн эки күн мурда учуп барып, күнүнө эки сааттан, жалпысынан төрт саат даярдандык. Биринчи күнүбүз чыгармаларды тандоо менен өттү. Эртеси эки элдин музыкасын алым-сабак эмес, бири-бирин колдоп, улап кете турган таризде иштеп чыктык. Чыгармаларды балалайкачы кесиптешим экөөбүз чогуу тандадык. Бул багытта режиссерлор бизге толугу менен эркиндик беришти", — деди Дүйшөнбек уулу.

Комузчу аткарылган дуэтке бааны эл берерин кошумчалады.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0