Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайыпов: жетишкен ийгиликтеримди атам көрбөй кеткенине өкүнөм

Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр, кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруусунун отличниги Балташ Кайыповдун уулу, шоумен Адил Кайыпов чыгармачылык менен алектенип калганына атасы себепкер экенин айтты.
Кайыпов: жетишкен ийгиликтеримди атам көрбөй кеткенине өкүнөм

Бүгүнкү күндө жетишкен ийгиликтеримди атам көрбөй кеткенине өкүнөм. Бул тууралуу Адил Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал атасына абдан жакын болгон жана мүнөзү менен сырткы келбети да абдан окшош.

"Мен кичине кезимен эле маданият чөйрөсүндө жүрүп чоңойдум. Атам актёр жана режиссёр болгондуктан театр, телевидение, радио эмне экенин бала чагыман эле жакшы билчүмүн. Атам мени ар дайым жумушуна ээрчитип барар эле. Азыр ойлосом, ал мени аталган чөйрөгө көндүрүп жүргөн экен. Анткени бала чагымда режиссёр болом деп кыялданчумун. Тилекке каршы, көксөөмө жетпей калдым. Бирок чыгармачылык менен бүгүнкүгө дейре алектенип келем. Экөөбүздүн мүнөзүбүз жана келбетибиз да аябай окшош. Муну жакындарыбыз да, атамдын тааныштары да көп айтышат. Балким ошондон бири-бирибизге жакын болгондурбуз. Анын үстүнө мен атам пайгамбар жашына барып калганда төрөлгөм. Бул дагы атамдын мага үйрүлүп түшүп жакын болушуна себеп болду окшойт. Атам мени бир да жолу урушкан жок. Өз эркиме коюп, бөпөлөп чоңойтту. Анын кесепетинен тентек болчумун, бирок бактылуу балалык доорун сүрдүм. Учурда иллюзионист катары элге кеңири эле таанылып калдым. Бирок менин жетишкендиктеримди атам көрбөй кеткенине өкүнөм. Жок дегенде бир мүнөт жанымда болуп, сыймыктанып кетсе кандай сонун болор эле", — деди Кайыпов.

Ал атасы Балташ Кайыпов кинематография жаатында да эмгекетенгенин айтып, "Алымкан" аттуу көркөм тасмасын жаратканын жана актёр катары да бир топ фильмдерге тартылганын кошумчалады.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0