Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байгараев: Бишкекте жылуулук берүү март айынын этегинде токтотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный инженер коммунального предприятия "Бишкектеплоэнерго" Баимбет Байгараев
Главный инженер коммунального предприятия Бишкектеплоэнерго Баимбет Байгараев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын башкы инженери Баимбет Байгараев 2019-2020-жылы күзгү-кышкы жылытуу убактысы былтыр ноябрь айында башталганын айтты.
Байгараев: Бишкекте жылуулук берүү март айынын этегинде токтотулат

План боюнча, жылуулук берүү жыл сайын март айында токтотулат. Быйыл дагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин аталган айда жыйынтыктоону көздөп жатабыз. Бирок аба ырайы туруктуу болбой, айрым учурда күн -8 градуска чейин сууктап кетип жатканына байланыштуу бул жылы жылуулук берүүнү март айынын этегине барып аяктайбыз. Бул тууралуу Баимбет Байгараев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жылуулук берүүнүн атайын иштелип чыккан санитардык норма жана эрежелери бар. Андагы нормативдик көрсөткүчтөргө ылайык, Бишкек шаарынын тургундарына жыл сайын жылуулук 150 күнгө берилет.

"2019-2020-жылы күзгү-кышкы жылытуу убактысы адатка айлангандай эле ноябрь айынын баш чендеринде башталды. План боюнча, жылуулук берүүнү март айынын ортолорунда токтотууну көздөп жатканбыз. Бирок кайсы күнү өчүрүлө турганын так айтууга болбой жатат. Себеби аба ырайы туруктуу болбой, күн -8 градуска дейре төмөндөп кетүүдө. Ошентсе да Бишкек шаарында жылуулук берүү март айынын акырында толугу менен токтотулат. Анткени биз атайын иштелип чыккан санитардык норма жана эрежелер менен иш алып барабыз. Андагы нормативдик көрсөткүчтөргө ылайык, жылуулук берүү мөөнөтү туура 150 күнгө созулууга тийиш. Тактап айтканда ноябрь айында берилип, мартта токтотулушу керек", — деди Байгараев.

Ал ошондой эле жылуулук берүү убактысы күндүн табы катары менен беш күн 8 градустан ылдый болгон учурдан тарта башталарын жана абанын температурасы беш күн 8 градустан жогору болгон мезгилден баштап аяктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0