Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атыканов: тургундар электрондук билетке өтүүгө мажбурланбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов "Тулпар" долбоорунун толук кандуу иштешине айрым жагдайлар тоскоол болуп жатканын айтты.
Атыканов: тургундар электрондук билетке өтүүгө мажбурланбайт

Шаар тургундары электрондук билетке өтүүгө мажбурланбайт. Анткени жарандар "Тулпар" карталары ыңгайлуу экенин сезип, муктаждык катары кабылдашы зарыл. Бул тууралуу Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда талаптагыдай болбосо да күндөн-күнгө карта алгандардын саны көбөйүүдө.

"Буга чейин "Тулпар" долбоору эки ай сынамык иретинде иштеген. Бул учурда эксперттер текшерип, өз корутундусун беришкен. Андан кийин калкка түшүндүрүү иштери башталган. Анткен менен түшүнбөстүктөр жаралган учурлар болууда. Коомчулукта шаар мэриясы электрондук төлөмдү мажбурлоо менен киргизип жаткандай ой жаралбашы керек. Ошондуктан учурда компаниянын консультанттары, айдоочулар менен тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Себеби бул долбоор тургундар үчүн ыңгайлуу. Муну шаардыктар өздөрү сезип, муктаждык катары кабылдашы шарт", — деди Атыканов.

Аткаминер ошондой эле учуру келгенде муниципалдык тарнспортто жол кирени накталай төлөм менен жүргүзүү токтой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0