Улуттук медиация борбору коомдук бирикмесинин төрайымы Анара Каримбекова

Каримбекова: өлкө боюнча 225 медиатор иш жүргүзүүдө

54
Улуттук медиация борбору коомдук бирикмесинин төрайымы Анара Каримбекова чыр-чатакты сотко жеткирбей чечүү үчүн медиация институтун өнүктүрүү зарыл болгонун белгилейт.
Каримбекова: өлкө боюнча 225 медиатор иш жүргүзүүдө

Медиаторлор — бул үй-бүлөлүк, коммерциялык жана башка чыр-чатактарды чечкенге көмөктөшкөн бейтарап адамдар. Ага кайрылуу ыктыярдуу түрдө болушу шарт. Бул тууралуу Анара Каримбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 2017-жылдын 28-июлунда "Медиация жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, сотко чейинки жөнгө салуу процессин аткарган медиация институту түзүлгөн.

"2010-жылдагы улуттар аралык чыр-чатак республикада медиация институтун түзүүгө түрткү болгон. Мындан тышкары, юристтер конфликттерди сотко жеткирбей кантип чечсе боло тургандыгын ойлонуп, атайын бул багытта иш алып барган мекеме керектигин айтышкан. Сот учурунда деле тараптар келишип алса болот. Бирок аны кандайча ишке ашыруу керектигин биле беришпейт. Ал эми сотторду ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алып сүйлөшүүгө ыйгарым укугу, мүмкүнчүлүгү дагы жок. Мына ушул жагдайларда медиаторлор жардам берип, чыр-чатактарды күчөп кете элегинде чечүүгө көмөктөшөт. Мындан улам 2012-жылы медиация институтун өнүктүрүп, жайылтуу иштери башталган. Тактап айтканда, медиаторлорду окутуп, аларды даярдоо колго алынган. Себеби медиаторлор жогорку билимдүү, 25 жаштан өткөн, соттолбогон, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик жумушта иштебеген адам болушу шарт. Учурда өлкө боюнча 225 медиатор ишмердигин жүргүзүүдө", — деди Каримбекова.

Ошондой эле ал азырынча кыргызстандык медиаторлор анча оор эмес кылмыштар боюнча гана жарандар менен иштешип жаткандыгын кошумчалады.

54
Белгилер:
Кыргызстан, Чыр-чатак, мыйзам
Тема боюнча
Курбанова: медиатор психологдун да, юристтин да кызматын аткарат
Алыкул Осмонов атындагу улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева

Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек

6
Алыкул Осмонов атындагу улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева китепти жаштар эле эмес улуу муун деле окубай калганын айтты.
Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек

Ата-энелер балдарына күнүнө жок дегенде 10-15 мүнөт китеп окуп бериши керек. Бул тууралуу Жылдыз Бакашева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар китеп окубайт деген стереотип коомго сиңип калган.

Абдыкерим Муратовдун жаңы романы жарык көрдү

"Азыр жаштар китеп окубай турганы кеңири айтылат. Бирок орто, улуу муундагылар деле китеп окубайт. Ошондуктан кичинекей балдар дагы китепке кызыкпай жатат. Негизи улуу муунга салыштырмалуу жаштар китепти көбүрөөк окуп калганы байкалууда. Алар көбүнчө орус тилиндеги чоң бестселлерлерди издеп таап окушууда. Мына 14-сентябрдан тарта китепканалар өз ишин баштады. Окурмандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар. Анан эле "жаштар китеп окубайт" деген сөздөр айтыла берет. А эмнеге чоң апа, чоң аталарыбыз китеп окубайт? Аларда деле убакыт кенен эмеспи. Балага ата-энеси, чоң атасы, чоң апасы күнүнө жок дегенде 10-15 мүнөттөн китеп окуса, анда үйдөгү кичинекей балдардын дагы кызыгуусу өсөт. Биз бул багытта "Үй-бүлөлүк окуу борборлорун" түзүп, балдарга 15 мүнөттөн китеп окуп берүүнү демилгелегенбиз. Учурда бул борборлор кадимкидей иш жүргүзүүдө. Бирок мындай долбоорлор эл аралык уюмдардын колдоосу менен болуп, мамлекеттик деңгээлде системалуу түрдө ишке ашпай келет", — деди Бакашева.

Ошондой эле китепкана тарабынан коомду китеп окутууга үндөө, кызыктырууга багытталган бир топ иш чаралар быйыл пандемияга байланыштуу өтпөй калганын кошумчалады.

6
Белгилер:
ата-эне, жаштар, китепкана, Жылдыз Бакашева
Тема боюнча
Бүгүндөн тарта өлкөдө музей, китепканалар иштеп баштайт
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архив

Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

84
(жаңыланган 18:54 19.09.2020)
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова стационар, ооруканалардан чыккан медициналык таштандыларды атайын ишканалар тазалап жатканын айтты.
Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

Пандемия башталгандан бери медициналык таштанды көбөйүп, өзгөчө маскалар туш келди ыргытыла баштады. Бул биз үчүн дагы бир "бет кап пандемиясы" болуп калды. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок.

"Тазалык": Бишкектин жаңы конуштары таштанды чыгаруунун акысын төлөбөй келет

"Коронавирус илдети күчөп, күндүзгү, түнкү стационарлар ачылган маалда медициналык таштандылар көп чыгып жатты. Аны утилизациялоонун өзүнүн эрежеси бар. Бул калдыктарды ар ким эле тазалай бербейт. Жадагалса "Тазалык" муниципалдык ишканасынын буга уруксаты жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын тендер менен тандалып алынган ишканалар тазалап жатышты. Жашырганда эмне, оору жугузуп алабызбы деп калдыктарга жологондон да корктук. Аны алып кетүүчү ишкана бир саат кечиксе эле, качан алып кетет деп чый-пыйыбыз чыгып жатты. ӨКМ, Санэпидкөзөмөл департаменти жана Санитардык-экологиялык инспекция бул жаатта көзөмөлдү абдан жакшы жүргүзүп жатат. Азыркы учурда шаарыбыздагы төрт районго жалпы 16 бала бөлүнүп, бизнес жасаган жайлардын айлана-чөйрөсүндөгү тазалыкты тыкыр текшеришүүдө. Талапты бузган жактарга эки ирет эскертүү берип, үчүнчүсүндө айып пул салабыз. Марттан бери эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча иштеп жатабыз. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин таштанды ыргыткандар көбөйүп, айрыкча бет каптарды туш келди ыргытып, отургучтарды талкалаган тартипсиздер көбөйдү", — деди Алмамбетова.

Калаа мэринин кеңешчиси жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөндөргө эскертүү бербестен дароо айып пул салынарын эскертти.

84
Белгилер:
тазалык, Бишкек мэриясы, Гуля Алмамбетова
Тема боюнча
Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт
Өзбекстандын вице-премьери Уктам Барноев. Архивдик сүрөт

COVID жуктуруп алган Өзбекстандын вице-премьери каза болду

0
(жаңыланган 16:21 20.09.2020)
Маркум 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеген жетекчилик кызматта иштеп келген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өзбекстандын вице-премьери Уктам Барноев коронавирустан каза болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Маалыматты Бухара облусунун акмимчилиги тасыктаганы айтылат.

Барноев 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеп келген.

Вице-премьер июль айынын соңунда COVID-19 жуктуруп алганы аныкталып, ошондон бери жеке менчик клиникада дарыланып жаткан.

Өзбекстанда карантин жумшартылгандан бери COVID жуктургандар көбөйдү

Айрым тастыкталбаган маалыматка караганда, Барноев өлүмүнүн алдында Германиянын ооруканаларына да барып дарыланган.

19-сентябрь күнү кечинде алынган расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 50 872 адамга жетти. Анын ичинен 47 121 адам айыгып чыкты. Ал эми оорунун кесепетинен 425 адам каза болду.

0
Белгилер:
оору, өлүм, коронавирус, премьер-министр, Өзбекстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан каза болду
Өлгөндөр миллионго жетип... БУУ COVID көзөмөлдөн чыгып бара жатканын айтты