Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусаева: мугалимдерди аттестациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт

© Sputnik / Асел СыдыковаГлавный специалист Управления школьного образования Мин образования Назгуль Мусаева
Главный специалист Управления школьного образования Мин образования Назгуль Мусаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева мугалимдердин компетенциясын текшерүү, аларга финансылык жардам жана стимул берүү максатында аттестация иштелип чыккандыгын айтты.
Мусаева: мугалимдерди аттестациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт

Мугалимдер үчүн түзүлгөн аттестация апробацияланып, андан 30 инновациялык мектептин окутуучулары өттү. Буга тест системасы дагы киргизилген. Себеби мурдагы аттестацияларга адамдык фактор таасир эте турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Назгүл Мусаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын башында аттестациядан өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

"2014-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аттестация даярдала баштаган. 2016-жылы аны өткөрүү боюнча жобо өкмөттүн токтому менен бекитилген. Андан кийин республика боюнча 30 инновациялык мектепте аттестация сыноодон өттү. Жобонун негизинде тесттен өткөн мугалимдер өздөрүн-өздөрү баалап, атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аттестациядан өткөндүгү жөнүндө буйрук чыккан. Анткен менен аларга акчасы төлөнүп берилген эмес. Бирок 2017-жылы алгач мектептер аккредитациядан өтүшү керек, андан кийин мугалимдердин билими текшерилет деген талап коюлду. Мындан улам аттестация токтоп турган. Быйылкы жылдан баштап кайра аттестациялоо иштери башталды. Бул сынакка мурдагылардан айырмаланып тест системасы киргизилген. Мындан тышкары, мугалимдер өтүүгө мажбурланбайт. Башкача айтканда, бул жолкусу көп жагынан кыйла жакшыртылды. Натыйжада аттестациялоо учурунда адамдык фактор жокко чыгарылды", — деди Мусаева.

Адис ошондой эле жаңы ишке кирген мугалимдер эки жылга чейин категориясын жогорулатпай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0