Кыргыз фондулук биржасынын директорунун орун басары Медет Назаралиев

Назаралиев: өткөн жылы фондулук биржа 2700 соода ишин жүргүздү

89
(жаңыланган 15:16 12.03.2020)
Кыргыз фондулук биржасынын директорунун орун басары Медет Назаралиев биржа аркылуу соода жүргүзүү кыйла ыңгайлуу экенин айтты.
Назаралиев: өткөн жылы фондулук биржа 2700 соода ишин жүргүздү

2019-жылы баалуу кагаздар рыногунда фондулук биржа тарабынан 2700 соода иши жүргүзүлүп, алардын жалпы көлөмү алты миллиард сомдон ашкан. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз фондулук биржасы 1994-жылы уюштурулуп, иш алып бара баштаган.

"Фондулук биржа өлкөнүн экономикасынын күзгүсү делинет. Ушул жерден экономикага кандай таасирин берет деген суроо жаралышы ыктымал. Белгилүү болгондой, фондулук биржа негизинен баалуу кагаздар менен дагы иштейт. Ал каржы рыногунун бир бөлүгү болуп, өлкөгө инвестиция тартууга шарт түзөт. 2019-жылы баалуу кагаздар рыногунда тегеренген каржынын көлөмү 6 миллиард сомдон ашып, 2700дөн ашуун соода келишими  жүргүзүлдү. Мындан тышкары, биздин каржы рынокто акция жана корпоративдик облигациялар популярдуулукка ээ. Акыркы учурда мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүүгө басым жасалууда. Анткени биржалык рынокту өнүктүрбөй, экономиканы өстүрө албайбыз. Маселен, чет элдик инвесторлор биржада кандай компаниялардын акциясы сатылып жатканына да көз салып турушат. Ошондой эле 2018-жылы президенттин буйругу менен фондулук биржада товардык сектор дагы ачылган. Бул кадам аймактарды өнүктүрүү, дыйкандардын продукциясын ыңгайлуу баада сатуусу үчүн жасалган. Анткени биздин электрондук система аркылуу товарды экспортко чыгарууга да мүмкүн. Мисалы, Майлуу-Суу электр-лампа заводу өз продукциясын биздин электрондук платформа аркылуу сатышууда. Ошондой эле айыл чарба продукциялары дагы фондулук биржанын товардык секторуна жайгаштырылууда", — деди Назаралиев.

Ошондой эле ал атамекендик продукцияларды экспорттоо үчүн башка өлкөлөрдүн биржалары менен келишимдер түзүлүп жатканын кошумчалады.

89
Белгилер:
инвестициялар, экспорт, биржа, рынок, баалуу кагаздар
Тема боюнча
Татиков: акчаны мамлекеттик баалуу кагаздарга салуу ишенимдүү
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова

Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

78
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова атмосферага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды азайтса болорун айтты.
Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

Электр энергиясын үнөмдөө менен экологияга пайда келтире алабыз. Бул тууралуу Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Париж келишиминде дагы ар бир өлкө өз мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүүсү зарыл экендиги көрсөтүлгөн.

"Өлкөдө экологиялык маселелер менен улуттук деңгээлде иш алып баруу боюнча атайын документтер кабыл алынган. Анда айлана-чөйрөгө уулуу заттардын таасирин минималдаштыруу каралган. Ошол эле көмүр жагууну, автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газдарды атмосферага таркашын азайтуу зарыл. Мүмкүнчүлүккө жараша электр кубаты менен иштеген автоунааларга өтүп, күндүн, суунун же шамалдан алынган энергиянын түрлөрүн көбөйтүү керек. Бул технологиялар дүйнөдө жакшы өнүгүп, баасы арзан болуп калды. Өкмөт тарабынан жакшылап көңүл бурулуп, туура саясат жүргүзүлүшү шарт. Эң негизгиси, энергияны үнөмдөп колдонуу зарылчылыгы келип чыгууда. Эгер сарамжалдуу колдоно турган болсок, коңшу өлкөлөрдөн сатып албайбыз. Ошондой эле экологияга тийген терс таасирди азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Абдырасулова.

Ошондой эле ал учурда туруктуу энергияны каржылоо программасынын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылганын кошумчалады.

78
Белгилер:
Кыргызстан, экология, электр энергиясы
Тема боюнча
Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров

Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

2108
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкканын айтты.
Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

Быйыл пандемиядан улам элдин ден соолугуна кам көрүү жана санариптештирүү жылында технологияларды толук пайдалануу максатында министрлик тарабынан жогорку окуу жайларга кабыл алууну аралыктан өткөрүү макулдашылды. 3-4 ай мурун даярдыктарды баштап, долбоор иштеп чыктык. Бул тууралуу Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жылына жалпы ЖОЖдор үчүн 5700 бюджеттик орун берилет.

"Жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкты. Жылына абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын алгандан кийин ЖОЖго барып, каалаган кесибин тандап, кутучага талондорун таштачу. Алар ошондой эле тандаган факультетине кандай балл менен канча абитуриент тапшырып жатканын монитордон көрүп турушчу. Быйыл мунун баары онлайн түрдө өтөт. Абитуриенттер өлкөбүздүн каалаган чекитинен системага кирип, ЖОЖдор тууралуу толук маалымат ала алат. Окуу жайлардагы факультеттер, андагы бюджеттик, контракттык орундардын саны менен таанышат. Талонун онлайн-каттоодон өткөрүп, кадимкидей эле башка абитуриенттер кайсы адистикке канча талон, кандай балл менен тапшырып жатканын көрө алышат. Окууга онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-25-июль аралыгында өтөт. Экинчи тур 27синен 31-июлга чейин, ал эми 3-7-август күндөрү үчүнчү тур менен жыйынтыкталат. Система өзү бүтүрүүчүнүн билим алган аймагына карап мурдагыдай эле автоматтык түрдө жеңилдиктерди берет", — деди Өмүров.

Ал өкмөттүн чечими менен кайсы кесипке канчадан орун берилери жана ар бир университетке канча бюджеттик орун бөлүнгөндүгү тууралуу токтом чыгарыларын кошумчалады.

2108
Белгилер:
онлайн, пандемия, абитуриент, ЖОЖ, Нурлан Өмүров
Тема боюнча
Аттестат качан берилип, ЖОЖдор кантип кабыл алат? Бүтүрүүчүнүн 8 суроосуна жооп

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын. Айдоочулардын көйгөйүн баяндаган видеорепортаж

0
(жаңыланган 01:09 04.06.2020)
Кыргыз-казак чек арасы. Бишкек — Торугарт жолу менен калаадан чыгып баратканда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги алыстан көзгө даана көрүнөт. Кезек күткөн айдоочулардын көбү Казакстандан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кете албай калгандар.

Казакстанга кирүү май айынын аягынан тарта кыйындай баштаган. Акыркы үч күн ичинде коңшу мамлекетке саналуу эле айдоочу кирген. Бирок 3-июндан тарта кыймыл бир аз жанданып, жүк ташыгандар чекесинен өтө баштаган.

Баарынан да тез бузулуп кетчү азыктарды ташыган айдоочулар санааркап жатышат. Жашылча-жемиштери чирип кетпеш үчүн күнү-түнү автоунаанын муздаткычтарын өчүрбөй жатканын айтышты.

"Россияга 22 тонна сабиз алып бара жаткам, тыгында турганыма үч сутка болду. Күн болсо кайнап, көчөдө 35 градус ысык. Көлөкө жок, талаада 40 градус ысыктай эле сезилип жатат. Кондиционер жок болсо сабиз биринчи күнү эле чирип кетмек. Жашылча соолубай турсун деп муздаткыч иштеттим. Ага эле май сатып алганга алты миң сомдой чыгым болдум. Бул чыгымды эч ким төлөп бербейт. Эгер соолуган сабиз алып барсам, анда мага акча да төлөп беришпейт", — деди айдоочулардын бири Умар Ханмончи.

Ысыктын күнү кезек күтүп Умарга окшоп тургандар жүздөп саналат. Алардын баары өз акчасына күйүүчү май алып, кайсы маалда өткөрүп жиберет деп уйку бетин көрбөй кезегин күтүп турган чактары.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, азыркы тапта "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" өткөрмө пункттары гана иштеп жатат. Жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине ушул да себеп болушу ыктымал.

"Автоунаалар дезинфекциядан өтүп, айдоочулардан коронавируска анализ алып жатышат. Муну да эске алыш керек. Кыргыз тарап автоунааларды тез өткөрүү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын баса белгилеп кетели", — дешти чек ара кызматынан.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев буга пандемиянын деле тиешеси жок деп эсептейт.

"Бул көйгөйгө үч жыл болду. Коронавирус Кыргызстан, Казакстанда пайда болгонго чейин эле айдоочулар чек арадан өтө албай 4-5 күндөп турушчу. Баарынан да үч суткалап тургандарга жаман болду. Дагы жакшы аларга жакын жашаган аймактагылар бекер тамак-аш алып келип берип жатышат", — деди Шабданалиев.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолукканын айтып, алардын көйгөйүн укканын билдиришти.

"Жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен вице-премьер Эркин Асрандиев жолугат. Мындан тышкары казак тарап менен дагы сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал жактан чечим кабыл алынгандан кийин гана жыйынтыгын билдире алабыз", — дешти маалымат кызматынан.

Экономика министрлигинин маалымат катчысы эксперттер көйгөйдү чечүү жолун издеп жаткандыктарын кошумчалады.

0
Белгилер:
жүк, айдоочу, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды