Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чекирбаев: өлкө боюнча кооптуу делген эки миңден ашык участок бар

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Айбек Чекиров
ӨКМдин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Айбек Чекиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Айбек Чекирбаев жаз мезгилине карата өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында тийиштүү иштер жүрө баштаганын айтты.
Чекиров: өлкө боюнча кооптуу делген эки миңден ашык участок бар

Республика боюнча кооптуу деп табылган эки миңден ашык участок бар. Анын ичинен 312 объект өтө кооптуу деп белгиленип, иш жүрө баштады. Бул тууралуу Айбек Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кооптуу делген участоктордун көпчүлүгү суу ташкындоо жана сел жүрүү коркунучу бар аймактар.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Мониторинг департаменти бар. Алар республика боюнча участкаларды изилдеп, учурда эки миңден ашыгын кооптуу деп тапты. Анын ичинен 312 объект аймактык жарандык комиссия тарабынан өтө кооптуу катары белгиленген. Мунун 242синин коргоо иштерин министрлик жүргүзөт. Ал эми 70ине жергиликтүү бийлик жооптуу, өз каражаты менен дарыялардын нугун тазалап, жээктерин бекемдөөгө тийиш. Мындан тышкары, кооптуу аймакта жашаган 2681 түтүнгө эскертме берилди. Дагы 1608 түтүн кезекте турат", — деди Чекирбаев.

Ошондой эле ал министрликтин карамагындагы өзгөчө кырдаал пайда болушу ыктымал деген 242 аймактын онунда кырсыктын алдын алуу чаралары көрүлгөнүн, дагы он аймакта иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0