Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин бөлүм башчысы Маил Алиаскаров

Алиаскаров: балыкты көбөйтүү үчүн көлдөргө 13,5 млн. чабак коё берилди

106
(жаңыланган 12:44 13.03.2020)
Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин бөлүм башчысы Маил Алиаскаров Ысык-Көл, Соң-Көл жана Орто-Токой сыяктуу чоң суу сактагычтардагы балыкты көбөйтүү аталган ведомствонун башкы максаттарынын бири экенин айтты.
Алиаскаров: балыкты көбөйтүү үчүн көлдөргө 13,5 млн. чабак коё берилди

Быйыл өлкө аймагындагы көлдөрдү жана ири суу сактагычтарды балыктандыруу үчүн 13,5 миллион чабак коё берилди. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коё берилген чабактардын 697 миңи Ысык-Көл форелинин уруктары жана 7 миллион 150 миң даанасы сига-лудога балыгы.

"Өлкө аймагындагы көлдөрдү жана ири суу сактагычтарды жыл сайын балыктандырып келебиз. Бул жылы Ысык-Көл, Соң-Көл жана Орто-Токой суу сактагычына 13,5 миллион даана балыктардын чабактарын коё бердик. Акыркы жылдары сига-лудога деген балыктын санын көбөйтүүнү колго алып жатабыз. Анткени бул балык чет жактан алып келингени менен форелге салыштырмалуу жырткыч эмес жана экологияга зыянын тийгизбейт. Жакынкы бир-эки жылдан бери аталган балыктарды сатыкка чыгарып жатабыз. Алардын санын көбөйткөн соң массалык өндүрүшкө чыгаралы деген максат бар. Ал үчүн Жайыт, мал жана балык чарба департаменти атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Анын жыйынтыгы менен сига-лудоганын запасы аныкталса, аны көбөйтүү багытында тийиштүү аракеттер көрүлөт", — деди Алиаскаров.

Аткаминер бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө балыктардын саны азайып кеткени жана аны менен бирге суунун да сапаты начарлаганын айтып, ал жакта ири көлөмдө тор салып балык кармоону тыюу менен туризм жаатындагы кайырмак колдонулган спорттук балык уулоону жайылтуу керектигин кошумчалады.

106
Белгилер:
чабак, балык, Орто-Токой суу сактагычы, Соң-Көл, Ысык-Көл
Тема боюнча
Адис: балык уулоого тыюу салуунун кесепети оор болду
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков

Калбеков: кирешеси айына 9000 сомдон ашпаган жаран акысыз жактоочу ала алат

42
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков аталган мекеменин максаты аз камсыз болгон атуулдарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү экендигин айтты.
Калбеков: кирешеси айына 9000 сомдон ашпаган жаран акысыз жактоочу ала алат

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун түзүлгөнүнө эки жылдан ашты. Ал эки багытта жарандарга кызмат көрсөтөт. Биринчиси — акысыз консультация берүү, экинчи иши — кирешеси аз адамдарды зарыл учурда жактоочу менен камсыздоо. Бул тууралуу Акжол Калбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акысыз консультацияны бардык кыргызстандыктар, ал тургай чет мамлекеттин жарандары да ала алат.

"Биздин мекеменин ачылганына эки жылдан ашты. 2018-жылы 5000ден ашуун жаранга юридикалык жардам берсек, 2019-жылы бул сан 14 000ге жетти. Анын 65 пайызында иш оң тарабына чечилип, сегиз жаран акталып чыккан. Борбор эки түрдө юридикалык көмөк бере алат. Биринчиси, өлкө аймагында жүргөн бардык адамдар кайрылып кеңеш алса болот. Ал эми соттук иштерде акысыз адвокат менен камсыз кылуу Кыргызстандын жарандыгы бар, айлык кирешеси 9000 сомдон ашпаган адамдарга гана жеткиликтүү. Бул учурда биздин реестрге катталган адвокаттар ал адамдын соттук иштеринде башынан аягына чейин катышат. Жактоочунун гонорарын мамлекет төлөп берет. Муктаж болгондорго кеп-кеңеш берүү үчүн учурда республикада 28 борбор иштеп жатат, келечекте ар бир районго бирден ачууну пландоодобуз", — деди Калбеков.

Ал жаранга акысыз кызмат көрсөткөн жактоочуга мамлекет ишинин сапатына карап акча төлөөрүн кошумчалады.

42
Белгилер:
жардам, мамлекет, укук, жактоочу
Тема боюнча
Адис уюлдук телефонго жакындарды "ата", "апа" деп сактабаш керектигин айтты
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев

Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

33
(жаңыланган 13:35 20.10.2020)
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда пайда болгон элдик кошуундар тууралуу пикирин билдирди.
Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

Митингдер учурунда өз ыктыяры менен чыгып ишкерликти коргоп берген элдик кошуундардын республика боюнча пайда болушу — бул феноменалдык көрүнүш. Мындай пикирин Искендер Шаршеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мезгилдин өтүшү менен бизнес тармагына да жаңы көз караштар жаралып жатат.

"Мурдагы башаламандыктарда көбүнесе чакан жана орто бизнес жабыркаса, бул ирет алар, тескерисинче, киреше тапты. Албетте, бул өз каалоосу менен чыгып аларды коргоп турган элдик кошуундардын аракети менен ишке ашты. Мындай кадам жалпы республикада жасалып, бир нече күн элдик кошуундардын бизнести коргоп бериши чоң үмүт жаратты. Алар деле жөнөкөй эле кыргызстандыктар, биздин катарыбызда жүргөн жаш балдар. Демек, бизнес деп эле талап-тоноп кетпей, алардын өсүшүнө шарт түзүү керектигин түшүнгөн муун өсүп келе жатат десек болот. Бул бир эле кыргызстандыктарды эмес, дүйнө элин таң калтыра турган феномен", — деди Шаршеев.

Экономист бизнесте алдын ала божомолдоо өтө татаал экендигин кошумчалады.

33
Белгилер:
ишкерлик, келечек, элдик кошуун, Искендер Шаршеев
Тема боюнча
Абдыров: акыркы саясий окуялар экономикага терс таасирин тийгизет
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

205
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

205
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы