Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кучумкулов: автоунааларга электрондук паспорт берилет

© Sputnik / Асел СыдыковаМамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов
Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов өлкөдө автотранспорт каражаттарынын электрондук паспорту пайда боло турганын айтты.
Кучумкулов: автоунааларга электрондук техникалык паспорт берилет

Автоунаа тууралуу толук маалыматты камтыган электрондук паспорттор берилет. Учурда аталган программага кошулуу процесстери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бахтияр Кучумкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоор ушул жылдын ноябрь айынан тарта иштеп баштайт.

"Автоунаалардын электрондук паспорту — бул ошол транспорт каражаттары жөнүндөгү база. Анда автоунаа тууралуу толук маалыматтар камтылган. Мисалы, автотранспорт кайдан чыккан, кыймылдаткычынын күчү, кузову, эгер кырсыктаган болсо, ал маалыматтар дагы киргизилет. Аталган долбоор ЕАЭБ өлкөлөрүнө тиешелүү болот. Учурда база даяр. Эми ошол базага башка өлкөлөрдү киргизүү процесстери жүрүп жатат. Бул документ заводдордон эле толтурулуп, маалымат улам толукталып турат. Ал эми ЕАЭБден тышкары, үчүнчү өлкөлөрдөн кирген автоунааларга уникалдуу номер коюлат. Бул номер "Унаа" мамлекеттик ишканасы тарабынан берилет. Учурда долбоорду киргизүү үчүн алгачкы кадамдар жасалууда. Андыктан азырынча канча каражат кете турганы так аныктала элек", — деди Кучумкулов.

Ошондой эле ал аталган долбоорду "Инфоком" мамлекеттик ишканасы ишке ашыра турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0