Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтогул: илгери кыргыздар келинди кут катары кабыл алышкан

© Sputnik / Эркин СадыковЭркин журналист Шаакан Токтогул
Эркин журналист Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин журналист Шаакан Токтогул байыркы кыргыз коомундагы келиндин орду, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ага жасаган мамилеси тууралуу айтып берди.
Токтогул: илгери кыргыздар келинди кут катары кабыл алышкан

Илгери кыргыздар келинди кут катары кабыл алышкан. Башыбызга баш кошулду, тукум улоочу келди деп аяр мамиле кылышкан. Бул тууралуу Шаакан Токтогул Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы келген келинди өзүбүзгө уютуп алалы деген максатта "ыйык нерсе туюк болот" деп 40 күн көшөгөгө отургузушкан.

"Байыркы кыргыз коомунда келиндин орду өзгөчө болгон. Ага келген жеринин тукумун улоочу катары камкордук менен аяр мамиле жасашкан. Калыңды аянбай берип, ата-энесинин сураганынан ашыра берүү салты колдонулган. Калыңы жок болсо да, каадасыз кыз болбойт деп, үйлөнүү үлпөт тойлорунда "ала жип", "оттон тегеретүү", "май оозантуу" деген сыяктуу ырым-жырымдарды жасашкан. Кош бойлуу кезинде ошол уруу жапырт кам көрүп, арзыганын таптырып бергенге аракеттенишкен", — деди Токтогул.

Ал кайнене менен келиндин мамилеси да кыздарга кичинекей кезинен өз үйүндө үйрөтүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0