Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Соодаев: эл каттоодо мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу маалымат топтолот

© Sputnik / Асел СыдыковаУлуттук статистика комитетинин статистикалык каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жолдош Соодаев
Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жолдош Соодаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жолдош Соодаев эл каттоо 23-марттан баштап 1-апрелге чейин жүрө турганын айтты.
Соодаев: эл каттоодо мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу маалымат топтолот

Эл каттоодо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу өзүнчө маалымат топтолот. Мындай кадамдар майыптар үчүн инфраструктураны ыңгайлаштырууга аракет жасоого керектелет. Бул тууралуу Жолдош Соодаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул жылы жасалуучу эл каттоо толугу менен электрондук форматта өтөт.

"Эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейинки убакытта жүргүзүлөт. Быйыл кызматкерлер кагаз көтөрүп алып, аларды толтуруп, анан Статистика комитетине тапшырбайт. Президенттин өткөн жылдагы эл каттоону электрондук түрдө жүргүзүү тапшырмасына ылайык, атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгып, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Ош шаарынын айрым аймактарында тестирлөөдөн өттү. Учурда аныкталган кемчиликтер жоюлуп, кошумчалар киргизилди. Мындан тышкары, быйыл жүргүзүлө турган эл каттоодо биринчи жолу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын индикаторун аныктоо боюнча суроо киргизилди. Мындай өзүнчө түзүлгөн тизме аталган жарандарыбыз үчүн коомдук транспорт, социалдык объектилерде ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн керектелет", — деди Соодаев.

Ошондой эле ал эл каттоодо мигранттар тууралуу суроолор берилип, алар жөнүндө толук маалымат топтоло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0