Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүралиев: Бишкектеги коомдук транспорттор дезинфекциядан өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев аталган мекеменин адистери COVID-19дун алдын алуу үчүн коомдук транспорттордун тазалыгын күндө текшерип, дезинфекциялап жатканын айтты.
Өмүралиев: Бишкектеги коомдук транспорттор дезинфекциядан өтүүдө

Коронавирустун алдын алуу багытында тийиштүү мамлекеттик ведомстволор иш алып барып, бардык талап аткарылып жатат. Бирок коомчулук да четте калбай, бул инфекциялык оорудан оолак болуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен өздүк гигиенаны сакташы керек. Бул тууралуу Курманбек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус респиратордук вирустук инфекция болуп саналат.

"Бишкек боюнча коомдук транспорттордун 1700дөн ашык айдоочусу күн сайын каттамга чыгат. Калаадагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун адистери күндө эл ташып иштеген коомдук транспорттордун тазалыгын жана айдоочулардын саламаттыгын текшерип турат. Бишкекте маршруттук таксилер 35 каттам боюнча жүрөт. Бүгүнкү күндө айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар айдаган коомдук тарнспорттор дезинфекцияланууда. Мындан сырткары, биз коомдук жайларда да түшүндүрүү иштери менен алек болуудабыз. Бул жерде белгилей кетчү бир жагдай, калаа тургундары жана жалпы эле коомчулук илдетти алдын алуу багытында жүргүзүп жаткан иштерди күтүп отура бербестен өздөрү да ден соолугуна кам көрүшү керек. Мисалы, фитосанитардык эрежелерди эске алып, гигиенаны сактаган киши бир эле коронавирус эмес, бардык илдеттерден оолак болот. Ошондой эле эл көп топтолгон жайлардын кожоюндары да санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарып туруусу шарт ", — деди Өмүралиев.

Ал ошондой эле 2018-жылы өкмөттүн токтому менен ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторийдин кириши менен айрым коомдук жайларда фитосанитардык эрежелер сакталбай калганын айтып, учурда Санэпидем борборунун кызматкерлери ошондой жерлерге барып, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0