Дарыгер-реаниматолог Мээрзат Үсөн кызы

Дарыгер-реаниматолог: адамдын өлүмүнө көнүү кыйын

181
(жаңыланган 13:13 17.03.2020)
Дарыгер-реаниматолог Мээрзат Үсөн кызы башка дарыгерлерден айырмаланып реаниматолог бейтаптын абалына жараша тез чечим чыгарып, аз убакыттын ичинде өмүрүн сактап калууга аракет кыларын айтты.
Дарыгер-реаниматолог: адамдын өлүмүнө көнүү кыйын

Менин практикамда бейтап реанимацияда эң аз жарым күн, эң көп 68 күн жаткан. Бул тууралуу Мээрзат Үсөн кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айтымында, ал экстрим, тез кыймылдоону жактыргандыктан реаниматолог болууну чечкен.

"Биздин бөлүмгө жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап кары-картаңдар жана башка түрдүү адамдар түшөт. Эгер адамдын аң-сезими ордунда болбой, дендароо тартып, өз алдынча дем ала албаса, инфаркт, инсульт болгондор, ар кандай олуттуу кырсыкка кабылгандар болсо, анда ал биздин бейтап болуп эсептелет. Албетте, жумушта бир топ кыйын учурлар болот. Ар бир бейтапка сарсанаа болуп, жүрөгүң ооруйт. Бизде "реаниматолог эки жолу өлөт" деп коюшат. Биринчиси — колун кармап, анын ден соолугун жакшыртууга аракет кылган бейтап каза болгондо, экинчиси — ал кабарды туугандарына айткан учурда. Бир-эки жума бою каза болгон бейтап тууралуу ойлоносуң. Мен көбүнчө наристелер чарчап калганда жаман болом. Эми 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу эмоцияларды башкарып, өзүмдү кармап калдым. Ошентсе да адамдын өлүмүнө көнүү мүмкүн эмес", — деди Үсөн кызы.

Дарыгер көчөдө адам кулап жаткан болсо, мейли спирт ичимдиги жыттанып жаткан болсо дагы басып кетпей, медиктерге кабар берип коюуга чакырды.

181
Белгилер:
реанимация, дарыгер
Тема боюнча
Аборттон ичеги-карды чубалган кызды көрүп үрөй учту. Дарыгер менен маек
Жазуучу, сценарист Төлөнбай Жолдошов. Архив

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

17
Жазуучу, сценарист Төлөнбай Жолдошов манасчы Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча беш китептен турган роман жазып бүтүргөнүн маалымдады.
Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Беш жыл ичинде кара сөз түрүндө"Манас" эпосунун беш китеби жазылды. Чынында 500-600 китеп топтомун жазса деле болчудай. Бул тууралуу Төлөнбай Жолдошов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Манас" эпосу — кыргыз элинин руханий байлыгы жана улуттук сыймыгы.

Талантбеков: "Манастагы" белгисиз сөз Кытайдагы көлдүн аталышы болуп чыкты

"2014-жылы "Манас" тууралуу бир саат 40 мүнөттүк кино тартуу үчүн Сагынбай Орозбаковдун вариантында сценарий жазгам. Каражат болбогондуктан сценарийди роман кылып жазып чыгууга белсендим. Чынында бул эбегейсиз чоң түйшүк болуп, талыкпас эмгекти талап кылды. Алгачкы китепти 2015-жылдын июнь айында баштап 2017-жылдын декабрында аяктадым. Таң калычтуусу — биринчи китепти 2,5 жылда жазсам, акыркы үч томун тогуз айда бүтүрүп салдым. Кийинки китептердин жазылышы жеңилирээк болду. Анткени башында китепке баарын батырууга аракет кыла берипмин. Көрсө андай мүмкүн эмес экен. Көңүл коюп жаза турган болсок, 500-600дөй китеп чыкчудай. Мисалга дүйнө адабиятында бир окуя бир чыгарма катары жазылса, "Манас" жалаң эле окуялардан турат. Анын баарына токтолуп, образдарды ачып, көркөмдөп жазып чыгуу мүмкүн эместей", — деди Жолдошов.

Жазуучу каражаттын жетишсиздигинен улам ар бири 200 нускадан болуп, жалпы 1000 нуска китеп чыкканын кошумчалады.

17
Белгилер:
жазуучу, китеп, Манас эпосу
Тема боюнча
Талантбеков: "Манаста" клуб, бар, жер төлө деген маанини түшүндүргөн сөз бар
Электр станциялары ААКсынын энерго-жабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев. Архив

Мамыралиев: Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки беш ГЭСке барат

37
(жаңыланган 13:25 11.08.2020)
"Электр станциялары" ААКсынын энерго-жабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев көп жылдан бери суунун арбын келген учуру боло электигин белгиледи.
Мамыралиев: Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки беш ГЭСке барат

Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийин жайгашкан беш ГЭСке барат. Бул тууралуу Улукбек Мамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Токтогул суу сактагычында 19,5 миллиард куб метр суу топтоого мүмкүн. Андан ашканын кое бергенге туура келет. Мындай процесс көп жылдан бери боло элек. Анын үстүнө сууну агызып жиберүү үчүн щитти көтөрүүгө 10-15тей адамдын эмгеги керек. Ал тийиштүү мекемелердин макулдашуусу аркылуу ишке ашат. Башкача айтканда, саналуу киши сүйлөшүп алып щитти ачып, сууну кое бере албайт. Бул абдан татаал процесс. Демек, суу сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары сууну бош кое берүүгө зарылдык жарала элек. Себеби суу сактагычта 14,2 миллиард куб метр гана суу болуп жатат. Өткөн жылы бул көрсөткүч 16,6 миллиард кубду түзгөн. Токтогул суу сактагычына видео байкоо орнотулуп, тыкыр көзөмөлгө алынган. Анда иштетилген, кирип-чыккан суу онлайн көзөмөлдөнүп турат. Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки жайгашкан беш ГЭСке барып түшөт", — деди Мамыралиев.

Ошондой эле ал суу сактагычта суунун жетиштүү болушу табияттан көз каранды экенин кошумчалады.

37
Белгилер:
ГЭС, Токтогул суу сактагычы, электр энергиясы
Тема боюнча
Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда
Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учрунда

Боронов: вирустан айыккандардын ден соолугун калыбына келтирүү колго алынат

0
(жаңыланган 15:28 11.08.2020)
Өкмөт башчы коронавирустан сакайган жарандардын жашаган жери боюнча дарыгерлердин консультативдик жардам берүүсү пландалып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Коронавирустан ооруп айыккан бейтаптарды көзөмөлгө алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Ал жугуштуу оорудан айыккандан кийин деле айрым бейтаптардын ден соолугу калыбына келиши көп убакытты аларын белгилеген.

"Өзгөчө пневмониядан адамдын тез арада айыгып кетиши кыйын экен. Сакайгандардын арасында бир айдан кийин деле дем алуусу кыйындап, башка органдары жабыркаганын көрүп жатабыз. Калктын саламаттыгы үчүн реабилитациялык иш-чараларды уюштуруу иштери жүрүп жатат. Жарандардын жашаган жери боюнча дарыгерлер консультативдик жардам берүүсү пландалууда", — деди Боронов.

КРде жалпы канча киши коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Өкмөттүн божомолу

Ал бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүү иши туура жүргүзүлүшү керектигин белгилеген.

0
Белгилер:
ден соолук, реабилитациялоо, коронавирус, өкмөт башчы, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Министрлик: коронавирустан өлкөдө 6 миңден ашуун адам дарыланууда
Адис: пневмониядан кийин өпкөдөгү тактар алты айга чейин кетпеши мүмкүн