КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Сыргак Бодобаев

Бодобаев: быйыл 3 миң жаран милдетүү аскер кызматын өтөөгө чакырылат

72
(жаңыланган 13:56 17.03.2020)
КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Сыргак Бодобаев быйылкы аскерге чакыруу жана аскердик кызматты альтернативдүү түрдө өтөө жолдору тууралуу маалымат берди.
Бодобаев: быйыл 3 миң жаран милдетүү аскер кызматын өтөөгө чакырылат

Быйыл милдетүү аскердик кызматты өтөө үчүн 3 миңге чукул жаранды чакыруу пландалууда. Ал эми 8 миңдей жаран альтернативдүү кызматка алынат. Бул тууралуу Сыргак Бодобаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аскерге чакыруу иштери май айынын этегине чейин уланат.

"Учурда аскерге чакыруу иштери башталып, медициналык кароо жүргүзүлүүдө. Аскерге 18 жаштан 25 жашка чейинки жарандар чакырылат. Эң негизгиси, ден соолугу жана үй-бүлөлүк шарты боюнча туура келиши шарт. Быйыл план боюнча аскерге 3 миң жаран чакырылуусу зарыл. Ал эми альтернативдүү аскердик кызматка 8 миңдей жаран чакырылат. Альтернативдүү аскердик кызматка үй-бүлөлүк шарттары милдеттүү аскердик кызматка туура келбегендер алынат. Аларга жалгыз бой атанын же эненин баласы болсо, жубайы, балдары барлар, төрт уулдун улуулары кирет. Мыйзам боюнча, үй-бүлөлүк шарт менен альтернативдүү кызмат өтөгөндөр 18 миң сом, өз каалоосу менен калып, коомдук иштерди аткарам дегендер 25 миң сом төлөйт. Мунун убактысы 1 жыл 8 айдын ичинде ушул акча каражатын жана 108 саат коомдук иштерди аткаргандан кийин аскердик билетин ала алат. Бул акчалар республикалык бюджетке кетет", — деди Бодобаев.

Ошондой эле ал 25 жаштан өтүп кеткендер 40 жашка чейин 50 миң сом төлөп, бир айлык машыгуулардан өтүп, 1-категориядагы аскердик билет алыша ала тургандыгын кошумчалады.

72
Белгилер:
кызмат, милдет, аскердик чакыруу
Тема боюнча
Генерал болсом дейм. "Шумкар" отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги
Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты Турат Сырдыбаев

Сырдыбаев: Ленинград блокадасынан улам кийин Кыргыз ССРинде илим өскөн

26
Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты Турат Сырдыбаев Улуу Ата Мекендик согушта 872 күн курчоодо калган Ленинград шаары тууралуу айтып берди.
Сырдыбаев: Ленинград блокадасынан улам кийин Кыргыз ССРинде илим өскөн

Советтер Союзу учурунда Ленинград шаары Кыргыз ССРинин шефтигинде болгон. Башкача айтканда, айыл чарба продукциялары, азык-түлүк менен аталган калааны азыркы Кыргызстан камсыздап турган. Бул боюнча Турат Сырдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргыз ССРинин экономикасы абдан өскөн. Завод, фабрикалар курулган.

"Ленинград шаары үч жылдай курчоодо калып, тарыхта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты өткөргөн баатыр калаа. Ага бүткүл Советтер Союзу жардамын аяган эмес. Бул жерде азыркы Кыргызстандын да эмгеги чоң. Анткени шефтикке алып, азык-түлүк менен камсыздап турган эле. Курчоодо калган шаардыктарды чыгарып кетүү жумуштары колго алынганда болжолдуу эсеп менен 500 000дей адам чыгып кеткен. Алар жаш балдар, аялдар жана окумуштуу, илимпоздор эле. Мына ушулардын көпчүлүгү Кыргыз ССРине келип отурукташып калышкан. Анын үзүрү менен илим-билим жогорулап, завод, фабрикалар курулуп, экономика өскөн. Ошол кездеги Фрунзе шаарындагы көптөгөн ишканалар согуш жылдары курулган. Керектүү тетиктер темир жолу аркылуу алып келинип, жерге түшүрүүлөрү менен адистер ошол жерден ишин башташкан. Заводдордун имараттары иштеп жаткан станокторду курчап кийин курулган. Анткени советтик калктын завод, фабрикалардын курулушун күтүп отура турган убактысы жок эле. Согуш талаасында атылган ар бир алтынчы ок "Фрунзе" заводунан чыккан деген сөз жөн жерден айтылып калган эмес", — деди Сырдыбаев.

Тарыхчы Фрунзе-Балыкчы темир жолу сыяктуу маанилүү объектилер жергиликтүү калктын күжүрмөн эмгеги менен курулуп, 12-13 жаштагы балдар кадыресе кара жумушка тартылганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 1944-жылы 27-январда Ленинград шаары фашисттердин курчоосунан толугу менен бошотулган.

26
Белгилер:
тарых, согуш, Ленинград блокадасында
Тема боюнча
Уулунун ордуна заводдо слесарь болгон эне. Согуштун азабын тарткан Кыргызстан
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Жыргалбек Сагынбаев. Архив

Сагынбаев: Таласта ЕАЭБ аймагына эт экспорттогон ишкана ачылат

24
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Жыргалбек Сагынбаев Жер-Үй кенине курулган алтын комбинаты ушул жылдын 15-февралына чейин алгачкы продукциясын чыгарарын айтты.
Сагынбаев: Таласта ЕАЭБ аймагына эт экспорттогон ишкана ачылат

Талас облусунда ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт экспорттогон комбинат курулат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган эт комбинатын куруу иштерин "Жер-Үй" алтын комбинаты каржылайт.

"Инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда диалог түзүлүп, эки тарапка тең пайдалуу боло турган шарттарда иштөөгө үйрөнүшүбүз керек. Азыр кыргызстандыктар деле түшүнүп калды. Мисалы, Таластагы "Жер-Үй" компаниясын ала турган болсок, анын ишмердүүлүгүнө кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар мага бат-баттан келип турушат. Мен аларга инвесторлор алтын чыкканга чейин төлөгөн салыгы продукция өндүрүлө баштаган соң таптакыр башка суммага өзгөрөрүн түшүндүрүп келем. Жакында Талас облусуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына эт экспорттогон комбинат курулат. Муну менен жумуш орундары түзүлүп, ошол аймактын экономикасы көтөрүлөт", — деди Сагынбаев.

Аткаминер инвестор тартууда жергиликтүү калк менен туура сүйлөшүү жүргүзүү боюнча айыл өкмөт, аким жана башка тиешелүү жетекчилер атайын окутуулардан өтүп жатканын кошумчалады.

24
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Жер-Үй алтын кени, Талас облусу, Жыргалбек Сагынбаев
Тема боюнча
Бактыгулов: учурдагы экономикалык кризис ЕАЭБге анчейин таасирин тийгизбейт
Ырчы Анжелика Кайратова. Архив

"Айламды таппай калдым". Ырчы Анжелика улуу кызынын да моюну сынганын билдирди

0
(жаңыланган 22:38 27.01.2021)
Ырчы 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.

"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы. Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.

Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.

0
Белгилер:
операция, кыз, ырчы, Анжелика Кайратова, жол кырсык
Тема боюнча
Жол кырсыгына кабылган Анжелика Кайратовага шашылыш операция жасалды
Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат