Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаева: окуучулар жайкы каникулга өз убагында чыгышат

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева вирус тууралуу маалыматтар пайда болгон күндөн баштап эле бала-бакча, орто мектеп жана ЖОЖдордо окугандарга өздүк гигиенаны сактоо боюнча маалыматтар берилип келгенин айтты.
Абдылдаева: окуучулар жайкы каникулга өз убагында чыгышат

Окуучулар ушул убакытта ансыз деле 3-чейректи жыйынтыктап, каникулга чыгышмак. Учурда өлкө боюнча жарыяланган карантинге байланыштуу каникулга чыкчу мөөнөттөн төрт күн гана эрте чыгууга туура келди. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-энелерге карантин учурунда окуучу жана студенттерди компьютердик клубдарга жана соода борборлорго жибербөө сунушталган.

"Коронавирус тарап жатат дегенден баштап мектеп жана ЖОЖдордо аталган илдет, өздүк гигиенаны сактоо тууралуу маалыматтар берилип турду. 14-мартта коопсуздук кеңешинин чечиминен кийин окуучуларды жана студенттерди карантинге таратуу боюнча министрликтин буйругу чыкты. Буга байланыштуу ата-энелерге түшүндүрүү, инструкция каттары жиберилди. Анда карантин учурунда балдарды эмне менен алек кылуу керектиги боюнча сунуштар да берилген. Карантин учурунда үйдө отурган балдардын ден соолугу үчүн ата-эне жооптуу болот. Айта кетчү жагдай, окуучулар ушул мезгилде негизи эле каникулга чыгышмак. Жагдайга байланыштуу төрт күн гана эрте коё берилди. Он күндүк каникулду эске алсак, 8-апрелде окуу башталса нары жакта сегиз күндүк программа калат. Ал сабактар карантинден чыккан соң ишемби күндөрү окутулат. Андыктан окуучулардын учурда айрым ата-энелердин балдар жайкы каникулдун эсебинен окушат деп кооптонушуна негиз жок. Окуучулар жылдагыдай эле жайкы каникулга өз убагында чыгышат", — деди Абдылдаева.

Адис ошондой эле студенттер дистанттык түрдө билим алып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0