Экология тармагында көз карандысыз эксперт Арстан Кадыров

Кадыров: балык уулоочу синтетикалык тор саткандар 20-30 миң сом айып төлөйт

63
(жаңыланган 11:54 18.03.2020)
Экология тармагында көз карандысыз эксперт Арстан Кадыров эми балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен кармоочу жабдыктарды өлкө аймагына алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салган мыйзам иштерин айтты.
Кадыров: балык уулоочу синтетикалык тор саткандар 20-30 миң сом айып төлөйт

Мындан ары синтетикалык торлорду жана электр тогу менен иштеген балык уулоочу аппараттарды сатып же колдонгондор 20-30 миң сомго дейре айыпка жыгылат. Бул тууралуу Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз балык уулоого чыгып, мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян алып келген браконьерлер 260 миң сом айып төлөп берүүдөн тарта 2,6 жылга чейин эркинен ажыратылат.

"Эми Кыргызстанга балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен кармоочу жабдыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга мыйзам жүзүндө тыюу салынды. Бул чоң жетишкендик. Анткени буга чейин мыйзамсыз балык уулоонун кесепети менен күрөшүп келсек, эми аны алдын алууга болот. Мисалы, браконьерлер узундугу 100 метрден ашкан торлорду көлмөлөргө ыргытып, аны чыгарбай кеткен учурлары көп. Ага түшкөн тонналаган балыктар ошол жерде чирип, экологияга олуттуу зыян алып келүүдө. Мындан ары синтетикалык торлорду жана электр тогу менен иштеген балык уулоочу аппараттарды сатып же колдонгондор 20-30 миң сомго дейре айыпка жыгылат. Ошондой эле мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян алып келген браконьерлер кармалса, кылмыштын оордугуна жараша 260 миң сом айып салынат же 2,6 жылга эркинен ажыратылат жана бардык жабдыктары конфискацияланат", — деди Кадыров.

Эксперт мыйзамсыз балык уулоо менен күрөшүүдө бийлик бул ишке жергиликтүү калкты тартуусу керектигин айтып, алар менен келишимдин негизинде өнөктөш катары иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.

63
Белгилер:
айып, балык, тор, мыйзам, Арстан Кадыров
Тема боюнча
Алиаскаров: балыкты көбөйтүү үчүн көлдөргө 13,5 млн. чабак коё берилди
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова

Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү

57
(жаңыланган 11:53 30.10.2020)
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова тогуз айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция алты пайызга азайып кеткенин айтты.
Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү

Жеңил өнөр жайы азыркы учурда приоритеттүү тармак болуп саналат. Анткени ал социалдык маселени чечет, массалык түрдө жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылат. Бирок пандемия бул тармакка бир топ зыянын тийгизди. Бул тууралуу Фатима Садамкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жапаров: Кыргызстанда бир гана тармак жабыркаган жок

Анын айтымында, жумуш токтоп турган маалда 20га жакын тигүү ишканасы бет кап, коргонуучу костюмдарды тигип, өлкө боюнча дефицитти жапканга көмөктөшкөн.

"2020-жылга чейин жеңил өнөр жайы жакшы эле өнүктү. Ал эми ушул жылдын жыйынтыгын алып карасак, биринчи чейректе жеңил өнөр жай тармагы 21 пайызга өскөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу март айынын аягында бул жааттагы ишканалардын бардыгы ишин токтотуп турушту. Дегеле жалпы өнөр жайдын ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурап, экономикалык кыйынчылыктар башталды. Тогуз айдын жыйынтыгын алып карасак, ИДП - 6, өнөр жайдагы өсүш 1,9 пайызга төмөндөдү. Жеңил өнөр жай тармагында бул жылы 4,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, темпи былтыркыга салыштырмалуу 22 пайызга түштү. Анын ичинде тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 3,8 миллиард сомду түзүп, продукция дээрлик 20,5 пайызга азайган. Бул учурда өкмөт тарабынан COVID-19 илдетинен жабыркаган ишкерлерге каржылык колдоо болду. Алсак, Финансы министрлиги тарабынан жалпы эле ишкерлерге 3,5 миллиард сом бөлүп, 13 банк аркылуу алты пайыздык ченде жеңилдетилген насыялар берилди. Аны менен катар салыктан бошотулуп, сырттан келген сырьелорго кошумча нарк салыгы алып салынды", — деди Садамкулова.

Ал былтырга жылга салыштырмалуу тигүү өнөр жайынын продукцияларын эскпорттоо 37 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады.

57
Белгилер:
тигүүчү, өндүрүш, Жеңил өнөр жайы
Тема боюнча
Өкмөт бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Шарты
NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов. Архивдик сүрөт

Асыкулов: чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эбегейсиз акча төлөмөк

41
NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизүү боюнча мыйзамдын өтпөй калганы өкүндүрүп жатканын айтты.
Асыкулов: чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эбегейсиз акча төлөмөк

Чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эле эбегейсиз акча төлөйт. Бул тууралуу Толкунбек Асыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, антропогендик таасирден улам жаныбарлар байырлаган аймактар барган сайын азайып бара жатат.

Асыкулов: илбирстер картайып же жарадар болсо гана ылдый түшөт

"Айыл чарба, жайыт жерлердин аймагы кеңейип, кен көбөйгөн сайын жаныбарлар жашаган аймактар азаюуда. Натыйжада жапайы жандыктар да азайып, айрымдары жоголуп кетүү коркунучунда турат. Анысы аз келгенсип, аңчылык, браконьерлик дагы бул процессти ылдамдатууда. Ошондуктан жаныбарларды көбөйтүп алуу максатында убактылуу аңчылыкка тыюу салып туруш керек. Ал эми туризмди жаныбарларды атпай деле өнүктүрсө болот. Мисалы, фототуризм деген багыт бар. Жаныбарлар менен сүрөткө түшүүнү каалагандар аңчылык кылуудан да көп кездешет. Мындан бир канча жыл мурда чет элдиктер илбирсти көрүп алсак эле болду деп келишкен. Мына ушул сыяктуу туристтер мергенчилердей эле акча төлөйт", — деди Асыкулов.

Ошондой эле ал аңчылыктан пайда табууну көздөгөндөр үчүн анын баасын кымбат кылуу керектигин кошумчалады.

41
Белгилер:
аңчылык, туризм, илбирс
Тема боюнча
Чет элдик саякатчы Кыргызстандын тоолорунан эки ак илбирсти тартып алды
Сейсмаограф маалыматтары. Архив

Түркияда экинчи ирет күчү 5 баллдан ашкан жер титиреди

0
(жаңыланган 00:00 31.10.2020)
Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Эгей деңизинин жээгинде күчү 5,1 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Anadolu агенттигинин маалыматына таянып РИА Новости билдирди.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан. Анын кесепети боюнча азырынча маалымат жок.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Түркиядагы экинчи жер титирөө. Биринчисинин күчү 6,6 баллга жетип, зилзаланын очогу Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзгөн.

Ураган имарат, кафеден чыга качкан эл. Түркиядагы зилзаланын видеосу

Акыркы маалыматтар боюнча, Измирдеги жер титирөөдөн көп кабаттуу үйлөр урап, 400дөн ашык киши жабыркап, 12 киши көз жумган.

0
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, жер титирөө, Түркия