Коронавирус жуктуруп алгандардын 20 пайызы оорунун эч кандай белгилерин байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Жуктуруп алган 60 пайыздан ашык бейтаптарда өтө жеңил өтүп, 10 пайыздан жогорусу гана оор түрдө болуп жатат. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, вирус иммунитети начарлагандарды, мурда илдетке чалдыккандарды өлүмгө алып келиши ыктымал.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, COVID-19 вирусун жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбайт. Вирус жугузуп алгандардын өмүрү өлүм коркунучунда деп ойлоо жаңылыштык. Иммунитети күчтүү адамдар анын белгилерин такыр байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Мисалы, учурда коронавирус табылган адамдардын 20 пайызында оорунун эч кандай симптому жок, адам өзүн жакшы сезип жаткандыгы белгилүү болууда. Калган 60 пайызга жакын бейтап кадимки сасык тумоо сыяктуу жеңил өткөнүн билдиришүүдө. Бул жалпы дүйнөдө болуп жаткан абал. Коронавирустан улам көз жумгандардын Кытайда 80 пайыздан жогорусу 60 жаштан өткөндөр, Италияда 80 жаштан жогорулар экени аныкталды. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондор жалпы ооруп калгандардын 0,9 пайызын түзүп жатат, башкача айтканда, илдет аныкталгандан бери 7000 адамга жетти. Ал эми ошол эле чочко тумоосунан, ОРВИден жана башка сасык тумоолордон суткасына дүйнөдө 1700-1800 адам көз жумат. Бирок бул оорулар боюнча коомчулук мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Азыр вирустун өзү эмес, анын айланасында тараган ар кандай туура, туура эмес маалыматтар дүрбөлөң салууда", — деди Нурматов.
Дарыгер ошондой эле тартипти сактоо, дарыгердин айткандарын так аткаруу менен бул илдетти жеңип чыгууга боло турганын кошумчалады.
Мамлекеттик кызматтагы адам убадасын аткарбай жатса сотко арыз менен кайрылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, талаптар менен кайрылуулар жазуу түрүндө болушу шарт.
"Берилген убада аткаминердин милдетине кирсе жана тийиштүү чечимдер ал тарабынан кабыл алынса, аны аткарууну талап кылса болот. Убаданы аткартуу үчүн алгач анын өзүнө кат менен кайрылуу керек. Ал баш тарткан учурда андан жогору турган кызмат адамына же органга кайрылуу шарт. Эгерде эч кандай реакция болбосо, административдик сотко арыз жазуу керек. Мындан тышкары, сиздер кайрылган кызмат адамы же органдын чечимдери менен макул болбосоңуз, сотко арызданууга болот", — деди Бакиров.
Юрист саясий партиялардын, депутаттыкка же президенттикке талапкерлер берген убадаларын аткарбаса аларга чара көрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анын айтымында, бул ошол адамдын моралдык гана жоопкерчилиги болуп калат.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун тамыры тарбияда жатат. Мындай пикирин Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер кызы менен эркек баласына эки бөлөк мамиле кылганы туура эмес.
"Коомдогу зордук-зомбулуктун тамыры тарбияга келип такалат. Үй-бүлөдө эч убакта кызды эркектен же тескерисинче, уул баланы кызынан артык көрүп тарбиялоо болбойт. Мындай көрүнүш өзгөчө көп кыздуу, жалгыз же уулу аз үй-бүлөлөрдө байкалат. Ата-эненин мындай тарбиясы кыздарына да, уулдарына да пайда алып келбейт. Албетте, кара жумуш же оор иштерди эркек балага жасатып, үйдөгү майда нерселерге кыздарды жумшаган туура. Бирок эч убакта аларга "сен кыз болгонуң үчүн муну жасабашың керек" же тескерисинче, "сен эркек болгонуң үчүн тигинден баш тартышың керек" деген чектөө койгонго болбойт. Сен жеке ою бар адамсың, деп берилген тарбия гана балдардын талант, шыгын кенен ачып, келечекте өз жолун татыктуу таап кеткенге көмөкчү болот. Бул жерде феминизм болушу шарт. Феминизмди, тилекке каршы, аялдардын укук талашуусу катары түшүнүп келебиз, бирок ал тең укуктуулук дегенди эле түшүндүрөт", — деди Абакова.
Психолог кыздар өздөрү да "аялзаты болгонум үчүн мага болбойт" деген сыяктуу чектөөлөрдөн арылышы зарылдыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.