Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматова: ата-энелер, карантин учурунда балдарга жоопкерчиликтүү бололу

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Архив
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова элди өлкөдө жарыяланган карантин эрежелерин сактоого чакырды.
Акматова: ата-энелер, карантин учурунда балдарга жоопкерчиликтүү бололу

Тилекке каршы, айрым ишкерлер карантинге карабай массалык эл топтолуучу жайларды, интернет-клубдарды иштетип жатышат. Бул абдан өкүнүчтүү. Мындай пикирин Айнура Акматова Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска байланыштуу өлкөдөгү бүгүнкү абал тууралуу өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кээ бир адамдар азыр деле кол алышып, беттен өөп учурашууну токтотпой жатышат. Бул абдан кооптуу.

"Республикада өзгөчө кырдаал жарыяланды. Демек ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн айтылган эрежелерди сактап, белгилүү мөөнөткө чейин тартипке баш ийүүсү зарыл. Андай эрежелердин арасында эл көп топтолгон жайлардын ишин токтотуусу каралган. Ошого карабай айрым интернет-клубдар, дагы башка жайлар иштеп жаткандыгы өкүндүрөт. Бул эми ошол адамдардын жарандык жоопкерчилигинде жатат. Ошондуктан, ата-энелер, карантинге байланыштуу үйдө отурган  балдардын коопсуздугуна жоопкерчиликти күчөтөлү. Көзөмөлгө алып, мындай жайларга баруусуна тыюу салалы", — деди Акматова.

Ал ошондой эле бөлмөлөрдү жууп тазалоону мурдагыга караганда күчөтүп, терезелерди маал-маалы менен ачып үйдү желдетип турууну сунуштады.

Эске салсак, Кыргызстанда алгачкы жолу коронавирус илдети 18-мартта катталган. Анда кичи ажылыктан келген Сузак районунун үч жараны ооруканага жаткырылган. 22-марттан тарта республика боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген. Азыр өлкөдө 14 киши коронавирус менен күрөшүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0