Клиникалык психолог Рыспек Качкынбай уулу

Психолог: карантин үй-бүлө менен байланышты чыңдоого шарт түзөт

197
(жаңыланган 12:41 24.03.2020)
Клиникалык психолог Рыспек Качкынбай уулу карантин үй-бүлө менен байланышты чыңап, жакындардын мүнөзүн жакшылап билип алууга шарт түзөрүн айтты.
Психолог: карантин үй-бүлө менен байланышты чыңдоого шарт түзөт

Эпидемиологиялык карантин учурдагы убакытты дагы пайдалуу колдонсо болот. Бул жагдайды бош отуруу катары эмес, үй-бүлө менен өткөрүүгө бөлүнгөн убакыт деп кабыл алышыбыз зарыл. Бул тууралуу Рыспек Качкынбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда балдарды алаксытуу үчүн план түзүү менен иш алып баруу ыңгайлуу.

"Илдетке байланыштуу карантиндин киргизилишин дагы пайдалуу колдонууга болот. Алсак, балдарга, ата-энеге, деги эле үй-бүлөгө убакыт бөлүүгө шарт түзүлөт. Азыркы убакта көптөр балдарынын мүнөзүн түшүнбөй турганын айтып кайрылышат. Ал эми мунун баары баарлашуунун, байланыштын жоктугунан улам келип чыгат. Ошондуктан бул убакытты пайдаланып калуу зарыл. Карантин учурунда үйдөн чыгууга тыюу салынды. Муну балдарга тыюу салуу менен түшүндүрбөстөн, креативдүү кадам жасоо керек. Мисалы, бүгүн күндү кандай өткөрөбүз деп пландарды түзүп, аны аткарса болот. Процесстин жүрүшүндө баланын кызыкчылыгы, максат, ой-кыялдарын аныктап, боолголоп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, балдар короого кирип чыккан сайын колдорун таза жууп турса, кийин ал адатка айланып калышы ыктымал", — деди Качкынбай уулу.

Ал ошондой эле жөнү жок дүрбөлөңгө түшпөө үчүн маалыматты ылгап окуу керектигин кошумчалады.

197
Белгилер:
үй-бүлө, дүрбөлөң, карантин
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (725)
Тема боюнча
Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланат. Учурда эмне болуп жатат
Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду
Бишкекте үй карантинине алынгандарды 10 мобилдүү бригада карап жатат