Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акышев: 25-мартка чейин чет өлкөдөгү жарандар үчүн чартердик рейстер аткарылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев зарылчылык болсо чартердик каттамдар эки мамлекеттин сүйлөшүүсү менен аткарылышы мүмкүн экенин айтты.
Акышев: 25-мартка чейин чет өлкөдөгү жарандар үчүн чартердик рейстер аткарылат

Колунда билети бар туруп калып калган жарандарыбызды чартердик каттам менен алып келип жатабыз. Сырттан келгендер 14 күнгө обсервацияга алынат. Бул тууралуу Курманбек Акышев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Түркия, Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен авиакаттамдарга тыюу салынды. Ал эми жүк ташуучу самолеттор каттап жатат.

"Өкмөттүн буйругу менен кийинки аптадан тарта ар жумада бирден рейс калтырылды. Дүйшөмбү күндөрү Москва — Бишкек — Москва каттамын "Аэрофлот" авиакомпаниясы аткарат. Шаршембиде "Авиа Трафик" менен Ош — Москва — Ош бир рейс учат. Жума күндөрү "Сибирь" авиакомпаниясы Новосибирск — Бишкек — Новосибирск каттамын аткарат. Бул үч каттам апта сайын аткарылып турат. Андан тышкары, 25-мартка чейин чет өлкөдө калып калган жарандар үчүн чартердик каттамдар уюштурулат. "Аэрофлот" компаниясы күнүнө эки рейс жасап, Ошко жана Бишкекке келип жатат. Дубай жана Санкт-Петербургдан дагы жарандарыбыз учуп келишет. 23-мартта Жуковский эл аралык аэропортунан 200дөн ашык адам келди. Ошону менен башка чартердик каттамдар аткарылбайт", — деди Акышев.

Ал өзгөчө кырдаал аяктаганга чейин чет өлкөгө барбай эле үйдө отурган дурус экенин, себеби вирус сыртка чыгып келген адамдардан чыгып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0