Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов

Жекшенкулов: Россияда коронавирус жуктурган кыргызстандыктар жок

1711
(жаңыланган 12:28 25.03.2020)
Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов Ирандан келе жаткан автоунааларды Россия менен Казакстандын чек арасынан тосуп алып, медицина кызматкерлеринин жана полициянын коштоосунда Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Жекшенкулов: Россияда коронавирус жуктурган кыргызстандыктар жок

17-мартта Россиядагы кыргыз элчилигинин алдында коронавирустун алдын алуу боюнча штаб түзүлгөн. Ошондон тарта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мекендештер менен тыгыз байланыштабыз. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Россияда коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар жок.

"Россияда коронавирус катталган күндөн тарта эле биз, диаспора жетекчилери, бул жактагы кыргызстандыктар менен тыгыз иштешүүдөбүз. Ал үчүн атайын штаб да түзүлгөн. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында айрым мекендештер Кыргызстанга кайтып кетишкен. Калгандары менен диаспоралар, элчилик дайым байланышта болуп, абалдары көзөмөлдө. Тилекке каршы, кызматы убактылуу токтоп, жумушу жок калгандар да бар. Эгер Кыргызстанга кетүүнү кааласа, учуп кете алышат. Каттамдар кыскартылган, бирок таптакыр токтоп калган жок. Аларга билет табуу, аэропортко жетүүдөн баштап бардык иштерине колдон келишинче жардам берип жатабыз. Россия бийлиги элчиликтин бардык өтүнүч, сунуштарын кабыл алып, ыкчам чечип берип жатканын да айта кетким келет", — деди Жекшенкулов.

Элчи ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосунда түрдүү гуманитардык жардам, азык-түлүктөн тарта бардык жагдайлар боюнча сүйлөшүүлөр тынбай жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

1711
Белгилер:
коронавирус, Кыргызстан, Россия, Аликбек Жекшенкулов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2555)
Тема боюнча
Иштейм деп чыккан таксиcттердин унаасы айып короого киргизилет. Түшүндүрмө
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео
Пекинде Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү ачылып, шаардык зоопарк иштей баштады
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: прозаиктер пиар жагынан аксап калууда

4
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов өлкөдө проза жаатында жаңы калемгерлердин ысымдары элге таанылбай калып жатканынын себебин айтып берди.

Жаш акындардын тез эле элдин оозуна алынып кетүүсүнө пиар түрткү болду. Тилекке каршы, прозаиктер бул жагынан аксап калууда. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.

Үсөнов: прозаиктер пиар жагынан аксап калууда

Анын айтымында, учурда проза жазган жаш калемгерлер деле көп.

"Техниканын өнүгүп жаткан учурунда бир маалыматты бир нече булактан алууга мүмкүн. Анын ичинен таанылыш үчүн пиар дегенди колдонуу зарыл. Жаш акындар аны жакшы колдонуп, элдин оозуна алынышты. Эл Акбар Кубанычбеков, Бердибек Жамгырчиев, Садырбек Турдубек уулу деген акындар бар экенин билип, алардын ырларын окуп, сын жазып, талкууга алышты. Прозада ушундай ысымдардын чыкпай жатканынын себеби — прозалык чыгарма көлөмдүү. Ырдай кылып социалдык тармактарга жарыялай албайсың. Анткени ал чоң чыгарма, кыскача видео же текст кылып социалдык тармакка чыгаруу мүмкүн эмес. Анын үстүнө акындарга жеңил, себеби поэзия — бул сезимдерди ырга салуу. Ошол сезимди жазып, аны видео кылып окуп социалдык тармактарга жүктөп койсо, элге тарай берет. Прозаиктер дагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жолдорун табуусу зарыл", — деди Үсөнов.

Жазмакер учурда окурмандар кыска чыгармаларга көнүп алганын кошумчалады.

4
Белгилер:
пиар, проза, адабият
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов

Исмаилов: айыл чарба тармагы кирешелүү тармак деп эсептелинбейт

19
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов айыл чарба тармагы дүйнөлүк экономикада кирешелүү тармак эместигин билдирди.
Исмаилов: айыл чарба тармагы кирешелүү тармак деп эсептелинбейт

Мамлекеттер көп учурда айыл чарба тармагын дотациялайт. Бирок бул сектордун социалдык мааниси абдан жогору. Мындай пикирин Муратбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда айдоо жер аз болгондуктан массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрүү мүмкүн эмес.

"Негизи эле дүйнөдө айыл чарба тармагы кирешелүү деп эсептелинбейт. Мамлекеттер көбүнчө бул тармакты дотация кылат. Ага карабастан, анын социалдык мааниси өтө жогору. Муну биз баары бир жасашыбыз керек. Анткени өлкө калкынын 60 пайыздан жогорусу айыл жергесинде жашагандыктан көбү мал чарбачылык жана дыйканчылык менен иш кылат. Айыл чарбанын приоритеттүү жагын карасак болот. Мисалы, биздин айдоо жерлерибиз көп эмес. Массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрө албайбыз. Жери көп Казакстан, Беларусь сыяктуу айыл чарба продуктусун массалык түрдө өндүрүп, эл аралык базарда алар менен атаандашуу мүмкүн эмес. Бирок биздин табигый, сапаттуу продуктуларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Алсак, эттин элиталык сортторун, балды, жапайы чөптөрдү аз өлчөмдө, кымбат баада экспорттоо керек. Айыл чарба тармагын мына ушул жолду тандап гана өнүктүрө алабыз," — деди Исмаилов.

Ошондой эле ишкер инвестиция кыска мөөнөттүү иш эмес экендигин түшүнүүнү кошумчалады.

19
Белгилер:
инвестициялар, ишкер, дотация, айыл чарба
Тема боюнча
Баткенде айыл чарбаны өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя бериле баштады
Жалал-Абад электр ишканасынын кызматкерлери Эсен Осмонов жана Дастан Зыпар уулу

Ат жүрө албаган карлуу тоодо жөө иштеген Токтогулдун энергетиктери. Кызыктуу маек

0
(жаңыланган 20:39 04.03.2021)
"Жалал-Абад электр" ишканасынын эки энергетигинин тоонун башында, ат бара албай калган жердеги белден келген карды жиреп, электр чубалгыларын тартып жүргөн видеосу интернетте талкуу жараткан.

20-февралда жааган кардан улам Токтогул районунун Сары-Камыш айылында жарык өчүп, "Толук" көмөк чордонуна кеткен жол жабык болгондуктан энергетиктер атчан болуп текшерип чыгышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган видеодогу Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын Толук участкалык бөлүмүнүн электромонтёру менен байланышып, чакан маек даярдады.

Тасмадагы электриктер 53 жаштагы Эсен Осмонов менен 19 жаштагы Дастан Зыпар уулу Толук участкалык бөлүмүндө иштеп, ошол аймактагы айылдарда электр жарыгын көзөмөлдөшөт.

— Сиздердин иш учурундагы видеоңуздар интернетке жарыяланып, ар кандай пикирлер айтылды. Айрымдар сиздердин жумушуңуздардын түйшүгү тууралуу бир катар ойлорун билдиришкен эле. Видео кандайча тартылып калган?

Эсен Осмонов: — Ооба, жакында эле Сары-Камыш айылынын жарыгы өчүп, оңдоого бара жатканыбызда жумуштан сапарыбызды жана ишибизди тасмага түшүрүп келүүбүздү айтышкан. "Макул" деп убакыт боло калганда тасмага түшүргөнбүз, бирок ошондогу барып, оңдоп келүү бир суткадан ашык убакытты алгандыктан келе жатканда телефондун кубаты өчүп калып тарта алган жокпуз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

— Канчадан бери иштеп жатасыздар?

Э.О.: — Башынан эле энергетика тармагына кызыкчумун. Толук участкалык бөлүмүндө электромонтёр болуп эмгектенгениме быйыл сегиз жылдын жүзү болду. Жанымдагы электрик Дастан Зыпар уулу экөөбүз Толук, Сары-Камыш, Алмалуу айылдарынын электр жарыгын көзөмөлдөйбүз. Бул айылдардын эң алысы Сары-Камыш. Биздин участкалар Толук айылынан ары машина жүрүүчү жол менен 73 чакырым, ал эми тоо аралап барганда 40 чакырымды түзөт. Ушул жол менен 73 чакырымдык аба чубалгы тоону аралай тартылган. Аталган айылдарда 270 абонент бар.

— Кышы менен ушинтип иштейсиздерби? Кар да калың түшөт экен…

Э.О.: — Ооба, кыш мезгилинде Сары-Камышта жарык өчүп калса видеодо тартылгандагыдай каттап иштейбиз. Жылына болжол менен үч-төрт жолу барууга туура келет. Жайкысын унаа менен барып оңдойбуз. Кышында жол жабылып калып, жарым жолго чейин ат менен барыш керек. Тер-Жайлак жайлоосу менен Тер-Жайлак тоосун жана ашууну ашып өтөбүз. Эки суткага жакын жүрүп, анан кайтабыз. Кар 1,5-2 метрге чейин жаап, шамал карды айрым жерлерге үйүп салат. Ошол кезде аттар омуроосунан келген кардан баса албай калып, айла жок талдарга байлап, айылдан ала келген чөптөрдү салып берип, андан ары сапарыбызды жөө улайбыз.

— Кандайча жөө? Адам эмес аттар жирей албаган эки метрге жакын карда кантип жүрөсүңөр?

Дастан Зыпар уулу: — Кар көп жаап, шамал үйүп салган жерлерден боортоктоп жүрүүгө туура келет. Жалгыз адам бара албайт, кооптуу. Жолдун сырын билбегендер барса кырсыктап калышы мүмкүн. Карга батып кетпеш үчүн бут кийимдерибиздин алдына жыгачтан таман байлап алабыз. Кесиптешим Эсен байке жолдун ой-чуңкурун, ыгын билгендиктен ушул кишилердин айтуусу менен жүрүп отурабыз.

Э.О.: — Бул тоого биздин айылдыктар жайкысын жайлоого чыгышат. Ата-бабаларыбыз каттап жүргөн жер. Мунун ой-чуңкурун аталарыбыз үйрөткөн. Кайсы жеринен өтүүгө болбойт, кай жери коопсуз экенин билүү абзел. Ошондой эле атыбыздын чөбүнөн баштап керектүү жабдыктардын баарын алабыз. Техникалык коопсуздукту эске алуу керек. Ошентип 12ден 20 саатка чейин жол жүрөбүз. Авария болгон жерди таап, зым мамыларына чыгып оңдоп, кайра жумушка келип электр жарыгын жиберебиз.

— Мисалы, Толук айылында жашагандардын Сары-Камышта туугандары бар да. Анан кышында жамандык-жакшылык боло турган болсо алар кантип барат?

Д.З. уулу: — Алар Суусамыр аркылуу каттайт. Сары-Камыш айылына чубалгы зымдар тоону аралай тартылган, ушундай татаал жол менен каттап жаткан себебибиз да ошол. Жол менен барсак, авариянын себептери табылбай калат. Жайкысын Нива, УАЗ өңдүү унаалар бара ала тургандай жол бар. Жаңы маркадагы унаалар ал жолдо каттай албайт.

— Жумушуңуздар оор экен. Ошентсе да эң кыйыны эмне?

Д.З.уулу: — Ишим жагат. Бирок кыйынчылыгы айылдарда жарык өчүп калганда күндөп-түндөп талаада жүрүүгө туура келет. Азыр да тоодо жүрөбүз.

— Айлыгыңар канааттандырабы?

Э.О.: — Өзүмдүн төрт балам бар, студент болуп калышты. Айлыгыбыз жакшы эле, айына 18 миң сомдой алабыз.

Д.З. уулу: — Мен ушул тармакта иштегениме эки жылдын жүзү болду. ЖАГУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында да сырттан окуп жатам. Үйдө улуусу жана жалгыз уул болгондуктан мен эле иштейм. Карындаштарым мектепте окушат. Айлыгыбыз жакшы эле.

0
Белгилер:
жол, тоо, Токтогул, РЭС, Толук айылы, энергетика
Тема боюнча
Белден келген карды малтап. Ат жүрө албай, тоого жөө чыккан энергетиктер. Видео