Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: балдардын үйдөгү окуусуна ата-энелердин көңүл буруусун чакырам

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова төртүнчү чейректе окуучуларга дистанттык билим берүүгө даярдыктар жүрүп жатканын айтты.
Жусупбекова: балдардын үйдөгү окуусуна ата-энелердин көңүл буруусун чакырам

Окуучулар үчүн видеосабактар тартылып жатат. Ал телеканалдардан көрсөтүлөт. Иш-чарага ата-энелердин активдүү катышып, балдар үчүн ыңгайлуу күн тартибин түзүп берип коюуга чакырам. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, министрликтин сайтында санариптик окутуу платформасында окуучуларга керектүү материалдардын шилтемелери жайгашкан.

"Окуучулар 8-апрелге чейин каникулга чыгышкан. Бирок абал өзгөрбөсө балдар төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окушат. Биз буга даярдык көрүп жатабыз, эл аралык уюмдар, уюлдук операторлор жана телеканалдар көмөк көрсөтүүдө. Бишкек, Ош шаарларындагы, жеке менчик мектептердин мугалимдеринин катышуусунда төртүнчү чейректе өтүлүүчү сабактардын видео форматы тартылып жатат. 1-4-класстын предметтери "Баластан", 5-11-класстардыкы ЭлТР, "Илим жана Билим", дагы кошумча башка каналдардан да көрсөтүлөт. Сабактар 15-20 мүнөткө созулат. Андан тышкары, кайтарым байланыш болуш үчүн ар кандай платформаларды даярдадык. Zoom, Google Classroom, WhatsApp, Telegram аркылуу тесттер, суроо-жооп жүргүзүү үчүн апробация кылып жатабыз. Бул иш-чаралар так аткарылышы үчүн мугалимдерге алгоритмди жөнөттүк. Ошондой эле балдар бир гана телеканалдардан эмес, MegaCom иштеп чыккан "Мега24" тиркемеси аркылуу билим алышат. Бул интернетсиз эле иштейт. Аймактарда жашаган балдарга өтө ыңгайлуу болот деп ойлойм. Кошумча lib.kg, kitep.org.kg сайттарында кыргыз, орус, тажик, өзбек тилдериндеги окуу китептер жайгаштырылган", — деди Жусупбекова.

Ал мындай темп менен окуучулар өз убагында жайкы каникулга чыгышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0