Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Даниярова: аскердик мөөнөтү бүткөн жоокерлер үйлөрүнө жиберилбейт

© Фото / Пресс-служба генштаба Автандил ЭркинбаевНачальник пресс-службы Госкомитета по делам обороны Римма Даниярова
Начальник пресс-службы Госкомитета по делам обороны Римма Даниярова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Римма Даниярова коронавируска байланыштуу өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү кырдаал турукташканга чейин жылдырылганын айтты.
Даниярова: аскердик мөөнөтү бүткөн жоокерлер үйлөрүнө жиберилбейт

Учурда милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер алардын ордуна жаңы курам келмейинче кызматын улантат. Мыйзамга ылайык, мамлекеттин Куралдуу күчтөрү ар убакта күжүрмөн даярдыкта болуусу керек. Мындан улам бир жылдык аскердик кызматын өтөп бүткөн жоокерлер учурдагы абал жөнгө салынмайынча запаска чыгарылбайт. Бул тууралуу Римма Даниярова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы бардык аскер комиссариаттарында, топтоо пункттары жана аскер бөлүктөрүндө коронавирустун алдын алуу багытында тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар аткарылып жатат.

"Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын арасында коронавирустун алдын алуу боюнча ыкчам чаралар көрүлдү. Ага ылайык, өлкө аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал менен айрым жерлердеги өзгөчө абалга байланыштуу бардык аскер комиссариаттары абал турукташканга чейин милдеттүү аскердик кызматка чакыруу өнөктүгүн белгисиз мөөнөткө токтотту. Ошондой эле бир жылдык аскердик кызматын өтөп бүткөн жоокерлер да запаска кетирилген жок. Анткени мыйзам боюнча мамлекеттин Куралдуу күчтөрү ар убакта күжүрмөн даярдыкта болуусу керек. Мындан улам кызматта болгон жоокерлер коронавируска байланыштуу абал жөнгө салынмайынча өз бөлүктөрүндө болушат. Бардык аскер комиссариаттарында, топтоо пункттары жана аскердик бөлүктөрүндө коронавирустун алдын алуу багытында тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар аткарылууда. Кызматтагы жоокерлердин жакындары менен кездешүүсүнө жана аскердик бөлүктөн сырткары чыгуусуна тыюу салынды", — деди Даниярова.

Ал ошондой эле 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы уландар сөзсүз милдеттүү же альтернативдүү аскердик кызмат өтөөсү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0