Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиев: дыйкандарга үрөндүн 30 пайызын мамлекет төлөп берет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу дан азыктарынын үрөнүнүн баасы жогорулабай турганын айтты.
Айдаралиев: дыйкандарга үрөндүн 30 пайызын мамлекет төлөп берет

Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотацияга алуу боюнча мыйзам кирген. Башкача айтканда, үрөндүн 30 пайызын мамлекет төлөп берет. Бул тууралуу Таалайбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл буудай себүүгө талап көбөйүп жатканы байкалууда.

"Быйыл үрөнчүлүктү дотацияга алуу боюнча мыйзам кабыл алынып, иштеп баштады. Буга байланыштуу жер-жерлерде арпа, буудай жана жүгөрүнүн үрөнүнө 30 пайыздык дотация бар. Башкача айтканда, үрөндүн баасы 21 сом болсо, анын жети сомун мамлекет төлөп берет. Бул дыйкандар 14 сомдон сатып алып калат дегендик. Баалар Айыл чарба министрлиги тарабынан коюлуп, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган. Мындан улам үрөнгө болгон баа кескин жогорулап же төмөндөп кетпейт. Учурда мамлекеттик статусу бар үрөн чарбаларында ушул үч дан азыгы 30 пайызга арзан сатылып жатат. Албетте, аны алыш үчүн атайын талаптар бар. Дотациялык программа менен үрөн алгысы келген дыйыкандар райондук комиссияга тийиштүү документтерин тапшырат. Андан кийин айыл чарба министрлиги карап чыгып, арзан үрөн алууга уруксат берет", — деди Айдаралиев.

Ал үрөн, жер семирткич, деги эле айыл чарба продукцияларын ташыган транспорттор бардык аймакка тоскоолдуксуз кое берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0