Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исираилов: мал сарайды дезинфекциялоо илдетти алдын алууга шарт түзөт

© Sputnik / Асел СыдыковаВетеринар Азиз Исираилов
Ветеринар Азиз Исираилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринар Азиз Исираилов мал чарбачылыгынан киреше табуу үчүн фермерлерге жылдын төрт мезгилинин ичинен жаз абдан маанилүү экендигин айтты.
Исираилов: мал сарайды дезинфекциялоо илдетти алдын алууга шарт түзөт

Фермерлер жазында малды эмдетип, сарайларды дезинфекциялашы керек. Анткени илдеттин алдын алууга шарт түзүп, экспортко сапаттуу продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай пикирин Азиз Исираилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаздын келиши менен фермерлер дезинфекциялоо иштерин жасашы керек. Себеби бул нерсе жыл ичинде туруктуу киреше табуу үчүн өтө маанилүү.

"Жыл сайын Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык департаменти тарабынан бекитилген эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча бир жылдык иш-чаралардын планы бекитилет. Ошонун негизинде малды эмдетүү, диагностикалык-лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Мындан тышкары, туутка дыкат көңүл буруп, олуттуу мамиле жасоо керек. Ошол эле кой чарбалары кыркынды туура мезгилде жасаганы да абдан маанилүү. Койдун жүнүн эрте кыркып салса мал тоңуп калышы мүмкүн. Ал эми кыркынды өткөрүп жиберүүдө ыңгайсыздыктар жаралып, ал тургай мал ылаңдап да кетиши ыктымал. Санай келсек, жазында малчылар жасай турган иштер арбын. Ошондой эле өлкөдө өндүргөн этти экспортко чыгара албай жүргөн фермерлер кездешүүдө. Бул эпизоотиялык абалдын начардыгынан, башкача айтканда, эл аралык санитардык стандарттарга туура келбегендиктен болуп жатат. Ошондуктан ар бир мал баккан адам жазгысын сарайын, мал жаткан жерди дезинфекциялап, кыгын тазалап турушу зарыл", — деди Исиралиев.

Ошондой эле ал учурда малчылардын көпчүлүгү кышкы туут чыгымга учаратарын билип, жазгы туутка өткөрүп алышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0