Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова

Батырбекова: адам энергиясын туура пайдаланса узак жашайт

771
(жаңыланган 13:27 30.03.2020)
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова жалпы коомдук карантин учурунда үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөгө жакшы шарт түзүлөрүн айтты.
Батырбекова: адам энергиясын туура пайдаланса узак жашайт

Дайыма тынчсызданып жүрүү адамдын саламаттыгына олуттуу зыянын тийгизет. Ошондуктан дүрбөлөңгө түшпөөгө аракет кылуу зарыл. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адамдын саламаттыгына анын эмоциясы түздөн-түз таасир этет.

"Пандемиянын позитивдүү жагын деле алса болот. Мисалы, бизге кайрылгандардын көбү жумушунун көптүгүнөн үй-бүлөсүнө көңүл бурууга убактысы аздыгын жана дайыма чарчаңкы абалда жүрөрүн айтышат. Негизинен адам энергиясын туура пайдаланып жашаса, оңой эле 100гө чыга алат. Анан биз көп иштеп, чарчап, ар кандай терс эмоционалдык сезимдерге кабылганда энергиябыз ченемсиз короп, картая беребиз. Ошондуктан карантинди эс алууга, убакытты үй-бүлө менен өткөргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк катары караса болот. Учурда коронавируска байланыштуу адамдар дүрбөлөңгө түшүп жатышат. Бул коркунуч, тынчсыздануу менен коштолууда. Мындай абалда организм абдан жабыр тартат. Энергиясы кетет. Андан көрө, мисалы, ата-энелер балдары менен өздөрү бала чакта ойногон оюндарын эстеп, ойносо болот. Ошол эле топ таш, тогуз коргол, шашки, шахмат, чатыраш оюндары, чогуу үй жыйноо, биргеликте даамдуу тамактарды жасоо бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө кубаныч тартуулап, маанай көтөрөт. Ал эми балдар үчүн өмүр бою эсинен чыккыс жагымдуу сезимдерди тартуулайт", — деди Батырбекова.

Психолог жаңылыктарды тынымсыз окуп, угуп, ашыкча маалымат ала берүү дагы дүрбөлөңгө түшүүгө түртөрүн кошумчалады.

771
Белгилер:
үй-бүлө, карантин, дүрбөлөң, психолог
Тема боюнча
Психолог: карантин үй-бүлө менен байланышты чыңдоого шарт түзөт
Акматова: ата-энелер, карантин учурунда балдарга жоопкерчиликтүү бололу
Эртеңден тарта жалпы москвалыктар үчүн карантин жарыяланат
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архивное фото

Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

25
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков 1-июлга чейин май куюучу жайлар автоматташтырылган система орнотушу керектигин айтты.
Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

350гө жакын май куюучу жай автоматташтырылган системаны орнотту. Аны жасабагандары ишмердүүлүгүн токтотууга туура келет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 900дөн ашык май куюучу жай бар.

"Май куюучу бекеттер башкаруунун автоматташырылган системасын колдонушу керек. Ага ылайык, кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албаса, май куя албайт. Бул системаны киргизүү менен май куюучу жайлары салыктарын кандай төлөп жатканы көзөмөлгө алынат. Жөнөкөй жарандар чектеги атайын QR код аркылуу ишкананын салык төлөп-төлөбөгөнү тууралуу маалымат алат. Ал эми салык органы тийиштүү аналитикалык иштерди жүргүзөт. Анткени керектүү маалыматтар салык кызматынын базасына автоматтык түрдө келип түшөт. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкандарынын көпчүлүгү аппараттарды орнотушту. Белгилей кетүүчү жагдай, 1-июлга чейин автоматташтырылган системасы жок май куюучу жайлар ишмердүүлүгүн токтотушу керек болот", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал автоматташтырылган системанын туура орнотулганын атайын мекемелер аралык комиссия текшере турганын кошумчалады.

25
Белгилер:
текшерүү, май куюучу бекет, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова. Архивдик сүрөт

Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

23
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова электрондук каттоо жүргүзүлө турган аймактарда балдарды 1-класска киргизүү үчүн кандай документтер керектигин айтып берди.
Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

2020-2021-окуу жылына карата өлкөнүн алты шаарында мектептерге электрондук каттоо жүргүзүлүүдө. Документтерди тапшырууда кемчиликтер болсо, ата-энелер аны беш күндүн ичинде оңдошу керек. Болбосо ээлеген ордун жоготуп алышы толук ыктымал. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо Бишкек, Ош, Токмок, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Жалал-Абад шаарларында жүргүзүлөт.

"Балдарын каттатуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, каалаган мектепти тандашат. Ошондой эле аталган сайтта жайгашкан өтүнмөнү толтуруп, жашаган жеринен справканын, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана ата-эненин паспортунун сканерин тиркешет. Документтерди мектеп директору текшерип, өтүнмө кабыл алынганын маалымдайт. Андан соң ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр тийиштүү документтерди мектепке 14 күндүн ичинде тапшыруусу зарыл. Ал жерде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн паспортунун көчүрмөлөрү жана түп нускасы, баланын ден соолугунун абалы боюнча медициналык справка жана үч-төрт өлчөмүндөгү сүрөтү болуусу шарт. Эгерде документтер толук болбой же сапаты начар болуп калса, өтүнмө артка кайтарылат. Мындай учурда ата-энелер ошол эле сайттан беш күндүн ичинде кемчиликтерди оңдоосу зарыл. Белгиленген мөөнөткө чейин бул каталар оңдолбосо, окуучу ордун жоготуп коюшу ыктымал. Быйыл мектепке кабыл алуу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Мындан тышкары, документтердин бардыгын толуктап, сканерден сапаттуу өткөрүп тиркөө зарыл. Анан дагы ата-энелерди акыркы күнгө чейин жүрө бербей, азыртадан камылга көрүүгө чакырам", — деди Кусеинова.

Ошондой эле ал учурда жалпысынан 16 миң 406дан ашуун арыз түшүп, анын ичинен 6 миң 600дөн ашык бала документтерин тапшырып, 1-класска кабыл алынганын кошумчалады.

23
Белгилер:
каттоо, мектеп, окуучу, ата-эне
Тема боюнча
Балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу жанданды
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

0
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

0
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт