Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманбаев: 13 жашыман баштап иштеп, өзүмдү 23 тармакта сынадым

© Sputnik / Асел СыдыковаБорборубуздагы курулуш компанияларынын биринин башкы директору Медер Жаманбаев
Борборубуздагы курулуш компанияларынын биринин башкы директору Медер Жаманбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борборубуздагы курулуш компанияларынын биринин башкы директору Медер Жаманбаев 13 жашынан баштап иштеп, каражат таап баштаганын айтты.
Жаманбаев: 13 жашыман баштап иштеп, өзүмдү 23 тармакта сынадым

Ишкерлик дайыма өзүн-өзү өнүктүрүүнү талап кылгандыктан, тапкан акчамдын жарымын окууга салам. Себеби билим жумушту бир кыйла жеңилдетет. Бул тууралуу Медер Жаманбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төрт жогорку билими бар. Алсак, инженер, маалымат базасын башкаруу боюнча инженер, юрист жана учурда төртүнчү курста прорабдын окуусун окуйт.

"Мен Чүй боорунда эле чоңоюп өстүм. Учурда курулуш компаниясын жетектейм. 13 жашымдан иштеп баштагам. Бул куракта эч ким жумушка деле албайт. Бирок ошентсе да досторум менен корейлердин талаасында эртең мененки жетиден кечки алтыга чейин помидор, бадыраң отоп иштедик. Күнүнө 75 сомдон төлөчү. Андан тышкары, официант, унаа жуугуч, сатуучудан баштап, кийин досторум менен жарнама компаниясын ачып, ломбард, интернет-дүкөн, авиакасса, эмерек салону, айтор, баш-аягы 23төй тармакта иш алып барыптырмын. Мыкты бизнесмен өзүнүн продукциясын, идеясын сатканды билиши керек. Негизи ишкер болом деп эч ойлогон эмес элем. Кичинемден компьютерге кызыгып, Кыргызстандагы мобилдик операторлордун биринин техникалык директору болууну кыялдангам. Ошентип бул чөйрөгө жакшы эле аралашып баштаган учурда тренингге барып калып, ишкерлик менен алектенген 18 жаштагы бала айына 150 миң сом каражат тапканын угуп, бизнеске кадам таштадым", — деди Жаманбаев.

Ал курулуш компаниясы ремонт, куруу, ички дизайн жана ландшафттык дизайн менен алектенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0