Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: ишкерликтин 80 пайызы токтоп калды

© Sputnik / Исмаил МамытовПрезидент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов
Президент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов ишкерлерге жасалып жаткан колдоолорго карабастан айрым кыйынчылыктар бар экенин айтты.
Акматов: ишкерликтин 80 пайызы токтоп калды

Чек аралар жабык болуп, ишкерлик 80 пайызга токтоду. Натыйжада бизнесмендер чоң чыгымдарга учуроодо. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн ишкерликти колдоого жасаган аракеттери ишке аша турган болсо, аларга бир топ жардам болот.

"Учурда бизнесмендер өтө чоң чыгымдарга учуроодо. Насыяларын төлөй албай, чек аралар жабык болуп, соода-сатык токтоду. Учурда 80 пайыз ишкерлик кыймылдабай турат десек болот. Бул айла жоктон жасалып жаткан иш экенин жакшы түшүнөбүз. Чынында 20-30 жыл ичинде өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенин көргөн эмесмин. Мындан улам аткаруу бийлиги, коомчулук, ишкерлер деле буга даяр эмес элек. Натыйжада айрым көйгөйлөр болбой койгон жок. Ар кайсы жерлерге блокпосттор коюлуп, берилген пропусктар айрым жерлерде эч нерсеге жарабай калган учурлар дагы болуп жатат. Илдетти жеңүү үчүн мындай тоскоолдуктарга ишкерлер түшүнүү менен мамиле жасоодо. Себеби азыркы учурда бекем тартип керек. Эң негизгиси айтылгандар ишке ашышы зарыл", — деди Акматов.

Ошондой эле ал өкмөт берген убадаларын аткарбаса ишкерликти калыбына келтирүү кыйынга турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0