Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садырбекова: Олимпиадага барчу спортчулар үй шартында машыгууда

© Фото / Жанар УсеновЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурпери Садырбекова. Архив
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурпери Садырбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурпери Садырбекова улуттук курама командалардын мүчөлөрү толугу менен карантинге тараганын айтты.
Садырбекова: Олимпиадага барчу спортчулар үй шартында машыгууда

Токиодо өтө турган XXXII Жайкы олимпиада оюндарына жолдомо уткан спортчулар карантинге карабастан үй шартында машыгып, жеке устаттарынын көзөмөлүндө даярданып жатышат. Бул тууралуу Нурпери Садырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу үстүбүздөгү жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарынын мөөнөтү жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин Олимпиада, 24-августтан 5-сентябрга чейин Паралимпиада оюндары өтөрү белгилүү болду.

"Спортчулар үй шартында даярдыктарын улантып жатышат. Алар менен дарыгер жана психологдор да иш алып барууда. Анткени көп убакыт даярданып жүрүп, айрым спортчулар мелдештерге чыкпай калгандыктан стресске кабылышы мүмкүн. Ошол себептен моралдык колдоо да көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда беш жолдомо бар. Аларды грек-рим күрөшү боюнча Атабек Азисбеков, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана жеңил атлетикадан Юлия Андреева менен Дарья Маслова алышкан", — деди Садырбекова.

Ал ошондой эле учурда Паралимпиада оюндарына да даярдыктар кызуу жүрүп жатканын айтып, план боюнча ондон ашуун спортчу жеңил атлетикада, триатлон жана пауэрлифтингден аталган мелдештерге жолдомо алат деген үмүт бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0