Саясий серепчи Бакыт Бакетаев

Бакетаев: алтынга басым жасап экономикалык каатчылыктын алдын алса болот

148
(жаңыланган 14:18 06.04.2020)
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев пандемиядан кийин ЕАЭБ мамлекеттери өз ара мамилелерин бекемдейт деген пикирин билдирди.
Бакетаев: алтынга басым жасап экономикалык каатчылыктын алдын алса болот

Коронавирус пандемиясынан соң бардык мамлекеттерди эле экономикалык таңсыктык күтөрү белгилүү болуп калды. Кыргызстан өз учурунда бул абалдан алтынга басым жасоо менен чыкса болот. Мындай пикирин Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда Россиянын Кыргызстанды ар тараптан колдоору анык. Мындан сырткары, өлкө Европа мамлекеттерине эмес, Кытайга кайрылып жардам сураганы жөндүү.

"Кытайдын бул ооруну жеңүүдө тажрыйбасы чоң жана экономикасы да бай. Азыр коронавирустан Европа мамлекеттери өзгөчө жабыр тартып, керек болсо бири-бирине көмөктөшө албай калышты. Мындай кыйын кырдаалда өнүгүп келе жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө кыйын болот. Албетте, Россия мурдагыдай эле биздин республиканы бардык тарабынан колдойт. Ошону менен бирге эле пандемиядан чыгуу үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда да алгылыктуу экономикалык, саясий иштер башталат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт. Ошентсе да биздин өкмөттүн алдыда күтүп жаткан каржы таңсыктыгынан чыгуучу жакшы бир жолу бар. Азыр дүйнөлүк биржаларга байкоо салсак, алтындын баасы акырындап көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Мындай көрүнүш жок эле дегенде жаңы жылга чейин уланат. Демек биздин өкмөт алтын өндүрүшүнө басым жасоо менен экономикалык каатчылыктан жеңил чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар", — деди Бакетаев.

Ошондой эле ал өкмөт чечкиндүү кадамдарды ыкчам жасашы зарыл экендигин кошумчалады.

148
Белгилер:
экономика, саясат, пандемия, Бакыт Бакетаев
Тема боюнча
Акимова: кредит алып жатканда банктын лицензиясын талап кылуу керек
ЕАЭБ өлкөлөрүнө азык-түлүктүн айрым түрлөрүн салыгы жок киргизүүгө уруксат берилди
ЕАЭБге айрым товарларды бажы салыгын албай киргизүү пландалууда
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы "шамала"

177
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков технологиянын өнүгүүсү менен көп буюмдар колдонулбаса да алардын аталышын биле жүрүү керектигин айтты.
Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"

Асман тиреген хан ордолордун күн тийбеген жерлеринде күнү-түнү жарык берип турган мом чырактар болгон. Ал сөз эпосто "шамала" деп берилет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, "Манас" десе эле боз үйлөрдү тигип алып, караңгычылык өкүм сүргөн заманды түшүнбөш керек.

Талантбеков: "Манас" эпосунда тиш чукугучтун аталышы бар

"Эпосто көптөгөн хан сарайлар бар. Ошол эле кыргыз, кытай жана башка элдердеги асман тиреген хан ордолордун күн тийбеген жерлеринде күнү-түнү жарык берип турган мом чырактар болгон. Ал кадимки эле биз колдонуп жүргөн факел. Технология өсүп-өнүгүп, ГЭС, ЖЭБдер курулуп, бул буюм колдонулбай калды. Андыктан аны кинолордон, олимпиадада көрүп калуудабыз. Негизи "Манаста" мына ушул мом чырактарды ошол учурдагы жарыктандыруу системасы катары түшүнсөк болот. Аны "Манас" эпосунан дагы кездештиребиз, "шамала" деп берилет", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда мом чырактар күнүмдүк колдонуудан чыгып калганы менен анын аталышын билип алуу ашыкча болбой турганын кошумчалады.

177
Белгилер:
буюм, Технологиялар, сөз, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "сүт мал" деген үстөккө берилген пайданы түшүндүрөт
Кыргызстандын эмерекчилер ассоциациясынын мүчөсү, ишкер Нурлан Токомбаев. Архивдик сүрөт

Токомбаев: пандемияда кызматкерлердин маянасы үчүн иштедик

25
Кыргызстандын эмерекчилер ассоциациясынын мүчөсү, ишкер Нурлан Токомбаев пандемияга байланыштуу карантинден кийин акырындан иш жандана баштаганын айтты.
Токомбаев: пандемияда кызматкерлердин маянасы үчүн иштедик

Пандемияга байланыштуу ишти токтотпогонго аракет жасалды. Себеби кызматкерлер каражат таап, үй-бүлөсүн багышы керек. Бул тууралуу Нурлан Токомбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкана пандемия башталганда сырьену алдын ала даярдап алган.

Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги

"Эпидемия учурунда кызматкерлерге маска кийгизип, санитардык талаптарды аткарууга аракет кылдык. Ошого карабастан айрымдарына коомдук транспортко түшүүгө туура келет, кээ бирлери тууган-туушканына жолугат экен. Көпчүлүгү ооруп кайра сакайды деп ойлойбуз. Ошентсе дагы негизинен иш токтогон жок. Себеби кызматкерлер каражат таап, үй-бүлөсүн багышы керек. Соода аябай жакшы болуп кетпесе дагы маянаны төлөп берип жаттык. Карантин учурунда тапшырыктарды аралыктан интернет аркылуу алууга аракет кылып, ал аянтчаны соода кылууга колдондук. Бирок баары бир кардарлар менен көрүшүүгө туура келген учурлар болду", — деди Токомбаев.

Ишкер пандемияга карабастан Түркия жана Италиядан инвесторлор менен иштешүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

25
Белгилер:
коронавирус, пандемия, ишкер
Тема боюнча
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Акчалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү

0
Июнь айында былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 86 миллион долларга көбүрөөк акча которулду. Жыл башынан бери бардыгы 970 миллион доллардай акча чет мамлекеттерден жиберилди.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ушул жылдын июнь айында мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы 277,9 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти.

Кеп жеке тараптар атайын системалар аркылуу которгон каражат тууралуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, мигранттар былтыркы жылдын ушул учурунда мекенине 191,6 миллион доллар жөнөтүшкөн.

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

277,9 миллион доллар 2018-жылдын август айынан бери бир айлык өлчөм менен алганда эң чоң көрсөткүч. Бирок жалпы жыл башынан берки сумма өткөн жылдагыдан азыраак. Мисалы, 2020-жылдын алты айында Кыргызстанга сыртта иштеп жүргөн жарандардан 977,3 миллион доллар келсе, былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 126,4 миллионго жеткен.

0
Белгилер:
Акча которуулар, каражат, Мигрант, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID: КРге канча акча жардам катары келип, алар кайда жумшалды