Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтматова: атам 22 жашында обкомдун катчысы болуп дайындалган

© Sputnik / Максат ЭлебесовТөрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова
Төрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова атасы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири экенин айтты.
Айтматова: атам 22 жашында обкомдун катчысы болуп дайындалган

Атам Төрөкул Айтматов ишмердүүлүгүн 1925-жылы баштап, 22 жашында азыркы Ысык-Көл менен Нарын облустары, ал кезде Каракол-Нарын округдук комитетинин катчысы болуп дайындалган. Бул тууралуу Роза Айтматова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атасы 1925-жылга чейин орус-тузем мектебинде, кийин Ташкентке партиялык мектепке жиберилип, ал жактан Москвага Сталин атындагы чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетине чейин барып билимин жогорулаткан.

"Атам 1917-жылдагы революциядан кийин Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө бел байлаган Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Эсен Аманов, Ходжахан Шоруков өңдүү ошол учурдагы лидерлердин үзөңгүлөшү болгон. Ишмердүүлүгүн 1925-жылы 22 жашында баштайт. Жаш болгонуна карабай Каракол-Нарын, азыркы Ысык-Көл менен Нарын облустарынын округдук комитетинин катчысы болуп дайындалат. Кийин 1926-жылдан тарта Жалал-Абад кантондук комитетинин катчысы, республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы кызматтарын аткарган. 1929-жылы Кыргыз АССРдин өнөр жай жана соода эл комиссары, андан соң Эл чарбасынын республикалык советинин төрагасы катары эмгектенет. Ал эми 1931-1933-жылдары Араван-Буура райондук комитетинде жооптуу катчы, биринчи секретарь болуп иштеп, анда соң Кыргыз обкомунун экинчи секретары кызматына көтөрүлгөн. Ал кезде бул өлкөдөгү эң жогорку карьералык тепкич эле. Анткени обкомдун биринчи секретары Москвадан дайындалчу. Бул ордунда атам бир гана жыл иштеп, кийин келечектүү кадр катары Москвага Кызыл профессура институтуна угуучу катары окууга жиберилет. Мына ушул учурларда атамдын ишмердүүлүгүндөгү маңыздуу көз ирмемдер өттү десем болот. Кийин деле жакшы иштеди, бирок баштапкы карьерасындагыдай болгон жок. Ошентип атам 1938-жылы "эл душманы" деген жалган жалаа менен 5-ноябрда атууга кеткен", — деди Айтматова.

Ал ошондой эле атасы атууга кеткенден кийин апасы Нагима Айтматова төрт баласы менен да "эл душманынын үй-бүлөсү" деген атка конуп, бир топ запкы тартышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0