Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: ишкерлер салыкты кечиктиргени үчүн үч айга чейин айып салынбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков коронавирус пандемиясына байланыштуу салык төлөөчүлөргө бир топ жеңилдиктер каралгандыгын айтты.
Сазыков: ишкерлер салыкты кечиктиргени үчүн үч айга чейин айып салынбайт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мыйзам боюнча ушул жылдын 1-апрелине чейин декларация тапшырышы керек болчу. Бирок келип чыккан кырдаалга байланыштуу бир жылга, тактап айтканда, 2021-жылдын апрель айына чейин жылдырылды. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматкерлер эмдиги жылы эки жылдын декларациясын тапшырышат.

"Өлкөдөгү пайда болгон абалга байланыштуу ушул жылдын 3-апрелинде президент мыйзамга кол койду. Анын негизинде салык төлөөчүлөргө бир топ жеңилдиктер каралган. Мисалы, ишкерлер айлык же кварталдык салыктарын төгүп турчу. Кечиктирген учурда 0,09 пайыз туум жазылчу. Эми ушул жылдын июнь айына чейин өтүп кеткен айларга туум эсептелбейт жана бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле салыктык санкциялар колдонулбайт. Башкача айтканда, жеке жактарга 1000, юридикалык тараптарга 5000 сом өлчөмүндө салык төгүүнү кечиктиргендиги үчүн салынчу айып пулдар да ушул аралыкта жокко чыгарылды. Бул мыйзамдын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорт менен алектенген ишкерлерге тиешеси жок. Анткени алар товарларын мурдагыдай эле Кыргызстанга алып келип, сатып жатышат. Бирок эгер бул ишкерлердин арасында медициналык керектелүүчү заттарды ташыгандар болсо, кошумча нарк салыгынан бошотулат ", — деди Сазыков.

Ал өлкөгө буудай ташып келип, республиканын ичинде ун кылып саткан ишкерлерди да кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0